Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер: “Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш Соке жана анын коркок генералдарына такалууда”

Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер: “Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш Соке жана анын коркок генералдарына такалууда”

15-сентябрь, 21:42
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек иним, Кой-Таш окуясы боюнча сот иши кайсы чегине жетти?

-- Кой-Таш соту адаттагыдай эле ар жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү болуп атат. Соттук иш аягына чыга жаздап калды. Жабырлануучуларды сурап бүтөрүбүзгө да жакындадык.

-- “Жакындадык” дегениңди түшүндүрүп кетсең?

-- Биз сотко кайра-кайра өтүнүч келтирип, Соке жана анын коркок генералдары Жунушалиев, Опумбаев, ошол эле Жамшитов – баарын сотко күбө катары келип берүүсүн айтып атабыз.

-- Учурдагы бийлик сотко кийлигишип, кайсы бир тараптын же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп аткан жокпу?

-- Чынын айтып коюш керек, азыркы бийлик тараптан Кой-Таш сотуна кысымды байкаган жокпуз. Биз ойлогондой, акыйкат, адилеттүү өтүп атат. Соке жана анын командасы баары бир сотко келиши керек. Аларсыз бул соттук иш аягына чыкпайт. 

-- Эмнеге?

-- Анткени, жабырлануучу тарап менен көп сандаган күбөлөрдүн (“армиясы”) айтымы боюнча баардык күнөө Соке жана анын коркок генералдарына такалууда. Күнөөнүн баардыгы ачыкталып калды. Жакын арада Сооронбай Жээнбековдун командасы сотко келсе, аларга бере турган суроолорубуз өтө көп. Менимче, алар соттолгону калды, үмүт бар...       


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер