Акыркы кабарлар
» Экономика » Европа Биримдиги Кыргызстанга 44 млн. евро бөлөт
Европа Биримдиги Кыргызстанга 44 млн. евро бөлөт
01-апрель, 10:24
1 170 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Европа Биримдиги Кыргызстанга 2020-жылы кабыл алынган COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө арналган “Team Europe” пакетинин алкагында 44 млн. евро бөлөт. Өз кезегинде Кыргызстан Европа Биримдигине кызматташтык боюнча комитеттин 17-жыйынында бул тууралуу ыраазычылыгын билдирди” деп маалымдалды Facebook социалдык тармагындагы ЕБдин баракчасында.
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык боюнча комитетинин жыйынында Европа Биримдиги өлкөдөгү экономикалык-социалдык туруктуу өнүгүүгө багытталган реформаларды колдоого ниетин билдирди.
Ошондой эле ЕБдин өкүлдөрү Кыргызстан жакында COVAX механизими аркылуу COVID-19 вакцинасын ала турганын билдиришти.