Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекетти талап-тоногондорду Жапаров менен Ташиев токтото алышабы?

Мамлекетти талап-тоногондорду Жапаров менен Ташиев токтото алышабы?

01-май, 19:57
442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айкөлдүгүнөн пайдаланган эски мэрлер жаңы партияларын түзө коюшуп, эски жоруктарын кайталагысы келишүүдө.

Коррупциянын сазында дымып жаткан “ажыдаарларды”, “крокодилдерди” бирден сууруп чыгып кустуруп жаткан УКМК төрагасы К.Ташиев баштарын чыгарып турган эски мэрлерди да кустурушу керек болот. Анткени, коррупциялык системанын үзүрүн көргөн эски мэрлердин байлыктары Кубанычбек Жумалиевдикинен ашса ашат, бирок кем эмес. Эски мэрлердин бүтүндөй бир кварталды ээлеген соода борборлору, Акүйдүн жанындагы 5-6 кабат хансарайлары көрүнүп турган объектилери болсо, көрүнбөгөн байлыктарын ачыкка чыгаруу УКМК башында турган фискалдык органдардын түздөн-түз милдети. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин артынан түшкөн Сокенин желдеттери мурдагы мэр Албек Ибраимовдун баш айланткан байлыктарын казып чыгышкан эле. Ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин заманынан бери келаткан эски мэрлердин байлыктары андан да көп экени айтпаса да түшүнүктүү. “Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат” болуп, коррупциянын сазында бири- бирине тиш салып кармашып жаткан “крокодилдерди” тузакка түшүрүүнүн ыңгайлуу учуру келди. Учурдан пайдаланбай оозун ачып карап турган УКМК айкөлдүгүн карматса, тигилериң бириге калышып, үзүп-тытып жеп кетишери анык. Соода борболорунда, базарларында соода кылган соодагерлерге “чыккыла!” деген команда берилсе, кумурскадай жайнаган кыргыздар “кыргыз эли” болуп чыга келишет. Бирок ошол эле “кыргыз эли” аренда акысын олигархтарга, базаркомдорго төгүшүп, алары болсо түшкөн каражаттын 95% пайызын чөнтөктөрүнө тыгышып, калган 5% пайызын мамлекетке – элге төксө төгөт, төкпөсө жок. Мындай келесоо системаны 30 жыл мурда капиталисттер түзүп беришип, Кыргызстанды жеке менчикке чачыратып жок кылууну көздөшкөн. Алардын “приватизация” мыйзамын куран китебине айлантып алган коррупционерлер жеке менчикке чыгарып алган мамлекеттин жерин, мүлкүн, объектилерин кол тийбестикке ээ кылып, Конституцияга жаздырып алышкан.

Куранды, мыйзамдарды уруп койбогон коррупционерлер жеке менчикти коргоо мыйзамы үчүн керек болсо өлүп бергенге даяр. Анткени, беш-алты кагаз чогулта коюп, элдин эсебинен салынган хансарайларды жеке менчикке чыгарып алса, анан “заман, мыйзам өзгөрдү” деп кайра тартып алышса, коррупционердин эмгеги талаага кетеби? Мындай учурда Кыргызстанды чачыратып жок кылуу процессин көзөмөлдөп турушкан чет элдик капиталисттер чуу көтөрүшүп, “адам укугу бузулду, диктатордук режим орноду, демократия жоголду” дешсе, кыргыз бийлиги күнөөлүү болуп туруп берет эмеспи. Жыйынтыгында АКШ баш болгон капиталисттердин стратегиялык планы болгон “Кыргызстанды чачыратып жок кылуу” максаты ишке ашырылды.

Кыргызстан ар бир президенттин жеке менчигине айланса, борбор шаары Бишкек бир ууч коррупционерлердин колунда болуп калды. Ошол себептен мамлекет башында жүргөн эки адамды (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев) эски мэрлер тоготпой калышкан. Жогоруда айтылгандай, “чыккыла!” деген сыйкырдуу сөзүн айтышса, эки адам эмес эки миң адамды дүрбөтүп ийишет. “Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” болуп атып үч жолу элдик революция болду, бирок баягы эле 30 жылдан бери келаткан коррупциялык система эч өзгөрүүсүз кала берди. “Партия” деп аталган коррупциялык жана мафиялык топторго бириге калышкан шылуундар бирин-бири тебелеп, ызы-чуу болуп атышып, бир-экөө чыгып келишти. Карап көрсөк, баягы эле Бакиевди атакелеп жүргөн “кол баласы” атакесинин “Ак батасын” алып, акырындык менен Бишкек шаарынын бакыйган мэри болуп алса, андан аркысы түшүнүктүү. Атакесин алып келип, анын балдары да кайтып келишип, мурдагыдай чогуу-чаран ичип-жеп, каалаганын тартып алса, каалабаганын атып таштап, же өрттөп ийишип, өздөрүн өздөрү билип калышмак. Анүстүнө С.Жапаров менен К.Ташиев эски тааныш катары айкөлдүгүн көрсөтүп турушса, мындай учурду пайдаланыш керек да. Кыскасы, “кыныккан ит тыныкпайт”, же “эбин тапкан эки жейт” деген кыргыздын макалдары бекеринен айтылбаптыр. Мына ушул жерден президент С.Жапаров менен УКМК төрагасы К.Ташиев катачылык кетирип, жаңылып калуулары мүмкүн. Ошондуктан капиталисттер орноткон “приватизация” мыйзамын жокко чыгарып, көп партиялуу системаны жоюп таштаса, кыргыз мамлекетин сактап калышат. Кыргызстандын соода борборлору, базарлары мамлекеттин карамагына өтүп, түшкөн пайданын 95%ы мамлекетке, калган 5%ы олигархтарга, базаркомдорго бөлүнсө, мамлекеттин ички инвестициясы жаралат. Кыргызстан өзүн-өзү каржылаган өлкөгө айланат.

Айта кетсек, мындай саясый-экономикалык реформа мындан бир кылым мурда Россияда болгон. Ал кездеги КПССтин программалары: жер жөнүндө декрет, коллективдештирүү, кооперация, НЭП, электрификация, ичип-жегич спекулянттарга каршы күрөш ж.б. баары аткарылып, СССР мамлекети дүркүрөп өнүккөн улуу державага айланган. 1990-жылдары АКШ баш болгон капиталисттердин идеологиялык согушуна туш болгон СССР мамлекети таркап кеткени менен кайра эле тез аранын ичинде бутуна туруп кетти. Ал эми Кыргызстанда болсо саясатты, геосаясатты таптакыр түшүнбөгөн кыргыз президенттери бүгүнкү оор абалга алып келишти. 

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз мекени үчүн кам көргөн чечкиндүү азаматтардан болсо, анда дагы бир ирет чечкиндүүлүгүн көрсөтүшүп, “приватизация” мыйзамы менен көп партиялуу системаны жоюп таштаса, В.Путин менен Си Цзиньпиндин деңгээлинде иш кылган болушат. Олигархтардын жана базаркомдордун желдерин чыгаруу менен кыргыз мамлекетине жана кыргыз элине чоң пайда келтире алышат. Бул жерде илгеркидей кулакка тартылып Сибирге айдалып кетүү, же репрессия жолу менен эмес, жөн гана алдым-жуттуму жок теңчилик заманда жашап, адилеттүүлүктү орнотуу керек. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” болуп Кыргызстанды талкалап жаткан капиталисттердин кылмыштуу мыйзамдары (приватизация мыйзамы, көп партиялуу система) билинип жатса, аны токтотуу керек. Мамлекетти талап-тоноп, менчиктеп алып жок кылуу саясатын С.Жапаров менен К.Ташиев токтото алышабы? Мындан бир кылым мурда орустар ишке ашырган НЭПти – жаңы экономикалык саясатты жүргүзгөнгө түшүнүктөрү жетеби? 

Тактап айтканда, төмөнкү маселелер чечилиши керек:

1. Приватизация мыйзамын жокко чыгаруу;

2. Көп партиялуу системаны жоюу;

3. Соода борборлорду, базарларды мамлекеттин карамагына өткөрүү;

4. Түшкөн каражаттын 95%ы мамлекетке, элге, 5%ы тейлөөчүлөргө;

5. Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине кыянаттык кылгандар камалышы керек!


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезии

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер