Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил ТУРДУКУЛОВ, коомдук ишмер: “Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын ишмердүүлүгү, анын жыйынтыгы лигитимсиз”

Адил ТУРДУКУЛОВ, коомдук ишмер: “Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын ишмердүүлүгү, анын жыйынтыгы лигитимсиз”

08-ноябрь, 14:08
730 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков каршы пикирлерин билдирип чыгышты. Алардыкы негиздүүбү? 

-- Сооронкулова “комиссия укук коргоо органдардын жоопкерчилигин караш керек” деген ою четке кагылгандан кийин комиссиянын корутундусуна каршы чыкты. Ал эми Жаркынбек Касымбеков өз позициясын “комиссия объективдүү иш алпарган жок” деп түшүндүрдү. Бул – комиссиянын ишмердүүлүгү жана анын жыйынтыгы легитимсиз экенин дагы бир жолу тастыктайт. Бул инсандар үчүн биринчи орунда бийликке жагынуу эмес, абийир, чындык өйдө экенин билдирет. Бирок, алар аны алдын ала түшүнүп, комиссиянын курамына кирбеш керек болчу (!) деген ойдомун.  

-- Аталган комиссиянын башында бийликтин “кол баласы” Жеңиш Разаков болгону, дагы көпчүлүгү “бөрк ал десе баш алган” кошоматчылар беле? Эгер мындай көрүнүш болсо, кандай жыйынтыкты күтөбүз? Дегеле бул топтун чыгарган чечимдери мыйзамдуу болобу? Жасаган иштерин кандай өңүттөн бааласак болот?

-- Бул комиссияны түзүүнүн максаты – экс-президенттин үйүнө мыйзамсыз чабуулду, ошону менен коштолгон көптөгөн процессуалдык одоно мыйзам бузуу болгон окуяларды көз жаздымында калтырып, элдин көңүлүн башка нукка буруу болгон. Буга мисал: азыркыга чейин экс-президенттин үйүнө болгон мыйзамсыз чабуулга эмне үчүн УКМКнын атайын кызматы тартылганы түшүнүксүз. «Батукаевди мыйзамсыз чыгарып кетти» деп Атамбаевге күнөө коюлган факты боюнча эмне үчүн УКМК эмес, ИИМ кылмыш ишин козгоп, иликтеп жатканы да жоопсуз калууда. Ошондуктан комиссия түзүүнүн башкы максаты – Кой-Таштагы мыйзамсыз окуяны саясый жагынан мыйзамдаштыруу аракети болуп жатат. Бирок, бул план ишке ашпай калды. А чынында Жогорку Кеңеш башында демилге көтөрүп, парламенттик комиссия түзүш керек болчу. Анткени Башмыйзамыбызда парламентте гана аткаруу бийлик үстүнөн, ошону менен кошо күч органдарга карата да көзөмөлдөөчү укуктары жазылган. Ал эми азыркы комиссиянын төрагалыгында өзү күч структуралардын башында болгон Жеңиш Разаков турат. Ал Кой-Таштагы окуяны иликтөөдө акыйкат чечим чыгара албайт, өзүнүн кол астында иштеген күч органдарына, башчыларына карата эч убакта калыс баа бере албайт. Алардын каталарын жаап-жашырганга аракет кылат. Анткени мыйзам бузуулар аныкталып чыкса, вице-премьер-министр Разаковдун өзүнүн жоопкерчилиги да каралышы керек болуп калат.

-- Кой-Ташта жана коңшу айылдарда элдин нааразычылыгы басылбай, бук сакталып калганын баамдап атабыз. Мунун өзү акырындык менен ырбай берип, башка жактарга да тарап, “чоң шишик” болуп жарылбайбы? 

-- Кой-Таш, Арашандын тургундары гана эмес, “саясат, мыйзам” деген түшүнүгү бар жарандарыбыздын баары Атамбаев жана анын балдары, жакындары, тарапташтарына саясый кугуунтук жүрүп жатканын көрүп турушат. Бул саясый абалдын парламенттик шайлоо убагында же ага чейин кескин түрдө курчуп кетишине негиз түзөт. Керек болсо сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө шарт түзөт. А бул болсо мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондуктан бийлик бул кырдаалдан консенсус, сүйлөшүү аркылуу саясый кризистен чыгуу жолдорун табыш керек. 

-- Атамбаевдин бүгүнкү абалы, маанайы кандай? Ал бекем эрк менен аягына чейин күрөшөбү, же бийлик менен ымалага келеби?

-- Атамбаев менен жолукканга адвокатка жана анын жакын туугандарына гана мүмкүнчүлүк берилген. Алардын сөзү боюнча Атамбаевдин духу күчтүү. Мен буга ишенем, анткени Атамбаев үчүн өзүнүн акыбалы эмес, мекендин келечеги, тарыхта анын аты кандай жазылары алда канча маанилүү. Атамбаев жана анын санаалаштары үчүн эң башкы приоритет – биздин партиялаштарды жана «Элдик штабдын» мүчөлөрүн абактан чыгаруу. Андай болбосо, аларга карата «саясый туткун» деген түшүнүк күчөй берет. Кандайдыр бир саясый соодалашуу болуп калышын четке какпаш керек, бирок Атамбаев эч убакта саясатты таштабайт. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер