Каныбек Исаковду оозанып, Жанар Акаев “казанчы” болуп калганбы?
Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев ОшМУга мурдагы ректору Каныбек Исаковдун атын берүү демилгесин көтөрүп чыкты. “Ал эмне чыйылдап кыйкырат” десе, реалдуулук менен эсептеше албай өзүнүн субьективдүү пикирин элге таңуулай бермей жайы бар турбайбы.
Жанар Акаевдин критерийи менен ысым ыйгара турган болсок: Ж.Баласагын атындагы улуттук университетке 17 жыл ректор болгон С.Табышалиевдин, И.Разаков атындагы КТУну ачып, ага 21 жыл ректор болгон Г.Сухомлиновдун, И.Ахунбаев атындагы медакадемияга 16 жыл ректор болгон С.Данияровдун ысымдары берилиш керек. Кыргызстандын тарыхында Баласагындын, И.Раззаковдун, И.Ахунбаевдин орду бир башка да, ректорлордун орду бир башка эмеспи. Муну “макалё”, “сексолюлар” деле билет болуш керек.
Жанар Акаев башын иштетип көрбөйбү? Каныбек Исаковдун эмгеги, албетте, бааланыш керек, бирок “чоң тарыхы бар университетке жалгыз эле К.Исаковдун эмгеги сиңди” деп айтыш бери жагы чолок акылдык. “ОшМУга кимдин атын коём?” деп Жанар Акаев темселеп киши таппаганы кызык болуп турат. Эгемен Кыргызстандын тарыхында орду бар, экс-төрага, академик Абдыганы Эркебаев, же болбосо ошол Каныбек Исаковду көтөрмөлөп ректор, министр кылган мурдагы президент Сооронбай Жээнбековчу? Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сооронбай Жусуев, Эл жазуучу Төлөгөн Касымбеков, залкар адабиятчы, таланттуу акын Салижан Жигитов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын, же болбосо атагы ааламга кеткен, бүт кыргыз элинин сыймыгы болгон Чынгыз Айтматовдун атын берсе, ал университетке куп жарашып эле калбайбы? Жанар Акаев “жо-ок өзүбүздүн эле оштук бирөөнүн атын коём” десе, анда өзү билер, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дейт эмеспи...
Aryba.kg