Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Эсеп палатасы жаңы ыкмалар менен иштегенди үйрөнсө...”

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Эсеп палатасы жаңы ыкмалар менен иштегенди үйрөнсө...”

21-октябрь, 14:12
476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, парламенттеги талкуу учурунда сиз эсеп палатасынын бюджеттик эмес ишканаларды текшерүүсүнө каршы экениңизди билдирдиңиз. Эмне үчүн?

-- Бюджеттик кодексте жана эсептөө палатасы жөнүндөгү мыйзамда эсеп палатасы мамлекеттик гана ишкана, мекемелерди текшергенге акысы бар. Же болбосо, акционердик коомдор бар да, алардын энчиси 50 пайыздан ашса, ошолорду да текшере алат. Булар болсо баарын текшергенге укук сурап атпайбы! Бул туура эмес. Ошон үчүн мен маселе көтөрдүм. Ырас, айрым учурларда президенттин жарлыгы менен баардык ишканаларды текшергенге укуктары бар. 

-Кандай дейсиз, эсеп палатасынын өзүнө реформа зарылбы?

-Албетте, реформаланышы керек. Жаңы система менен иштөөсү кажет. Булар болсо эски, союз мезгилиндеги бойдон калып кеткен. Барып отуруп атышпайбы, “эшигиңди ач, документ бер” деп. Андай болбош керек да. Жаңы технологияларды колдонуп, жаңы ыкмалар менен иштегенди үйрөнүү зарыл. Ошондо өзгөрөт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер