Акыркы кабарлар
» Коом » Окуучулар үчүн видеосабактар көрсөтүлө баштайт
Окуучулар үчүн видеосабактар көрсөтүлө баштайт
19-март, 09:14
552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда
каникул берилгендигине байланыштуу билим берүү жана илим министрлиги “Илим жана билим” телеканалы менен биргеликте видеосабактарды даярдап баштады.
Азыркы учурда креатив таалим билим берүү комплекстери, Бишкектеги А.Молдокулов атындагы №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жана башка мектептердин мугалимдери видеосабактарга тартылып, телеберүү даярдалып жатат. Сабактар 19-марттан баштап ЭлТР, “Илим жана билим” телеканалдары аркылуу эфирге берилет.
"Азия Ньюс" гезити