Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Мен Баткен облусун бутуна тургузуп, өнүгүүсүнө жол ачкам”

Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Мен Баткен облусун бутуна тургузуп, өнүгүүсүнө жол ачкам”

27-апрель, 16:38
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, баягүнү комитеттин жыйынында кесиптешиңиз Бакыт Сыдыков менен бир мыйзам долбоору боюнча бир аз кайым айтышып кеттиңиздер. Ал эмне мыйзам?

-- Азыр иштеп жаткан ал мыйзам “Ысык-Көл экологиялык, экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” деп аталат. Мыйзамдын 20-беренесинде “рекреациондук объектилер Кыргыз Республикасынын жарандарынын, юридикалык уюмдардын, жергиликтүү бийликтердин жана администрациялардын менчигинде болушу мүмкүн” деп жазылган. Булар ошого кошумча кылып, “чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигинде болушу мүмкүн” деп өзгөртүү киргизишүүдө. Рекреациондук объектилер деген эмне? Эс алуу аймактары. Болгондо да экологиялык жактан эң таза, эң жакшы жерлер. Ошолорду сатууга жол ачышууда. Азыркы иштеп жаткан мыйзамга ылайык, рекреациялык объектилерди, туризмдин инфратүзүмдөрүн чет өлкөлүк жарандардын менчигине өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Алар болсо муну жокко чыгарып, “убактылуу пайдаланууга берилет” деп кошумча киргизишүүдө. Биринчи убактылуу берилсе, кийин биротоло өткөнгө жол ачылат да. Ээси чет өлкөлүк болгон соң биздин жарандар ал жерге кирип эс ала албайт. Мисалы, чет өлкөлүк жаран Бишкектен үй сатып алса, ал анын үйү болуп калат. Ошондой эле кеп да. “Инвестиция тартканга шарт түзүлөт” дешет. “Жок, силер инвестиция тартканды билбегендигиңерден сатып атасыңар, саткан менен инвестиция тарткандын айрымасы бар” дедим. 

-- Кесиптешиңиз “элдин, мамлекеттин менчиги сиз губернатор кезде сатылган” дегендей пикирди билдирди. Буга не дейсиз?

-- Эл – тараза. Кимдин ким экенин эл жакшы билет. Мен Баткен облусун бутуна тургузуп, транспорттук эгемендик берип, өнүгүүсүнө жол ачып бергеним – бул факт. Эч ким муну тана албайт. Мен кылган иштерди президенттердин баары “мен кылдым” деп өзүнө жазган. Өзгөчө Атамбаев...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер