Рустам Маманов башты бийик көтөрүп, эл ичинде жүрсө, ал эми Соке жашынып жатат
Атамбаевдин “дайындоосу” менен Соке үч жыл бийликте туруп, артынан көп ыпластыктарды калтырып кетиптир. Кой-Таш окуясы, Октябрь төңкөрүшү сыяктуу бир топ кылмыштарынын ичинен адам укугун тебелөө, курулай куугунтук жасоо ж.б. Бул жагынан арбын мисалдарды келтирсек болот. Азырынча бирөөнө гана токтололу. Маселен, эки бизнесмен кытай келише албай, араздашса, байлык талашса, ортодон меценат Рустам Мамановду каматып салганы кандай? Акылга сыйбаган иш бекен? Соке бийликке келгенден көп өтпөй ушундай кордук жасатып, кеткенче чыгарбай койду да... Ал эми Рустам Маманов 2010-жылы Сооронбай Жээнбековдун Ошко губернатор болушуна чоң салым кошуп, алдыга сүрөп чыккан. Кийин бакиевчилер облустук администрациядан кубалап чыгышканда, кайрадан алып келип ордуна отургузган да. Мына ушул сыяктуу көптөгөн жардамдарды кылып жүрсө, он жылдай жөлөп-таяп келсе, анан жакшылыкка жамандык жасап, куугунтук кылганы түшүнүксүз го? (Кудум эле Атамбаевдин артынан адам болуп, бийликке келип, анан түрмөгө каматып салган жагдайга окшоштугун карачы?). Кудай баарын таразалайт экен. Учурда Рустам Маманов башты бийик көтөрүп, эл ичинде, досторунун арасында жүрөт. А Соке резиденцияда жашынып жатат. Аныгында мамлекеттин эсебинен жан сактоого татыксыз, экс-президенттик макамы да мыйзамсыз. Себеби, мөөнөтүнүн аягына чейин отурган эмес, үч жылда кубаланды. Бул өңүтүнөн сырткары көп кылмыштарына Соке качан жооп берет? Эл күтүүдө.
"Азия Ньюс" гезити