Руслан Акматбек: “Министрликтердин арасынан ТИМдин ишмердүүлүгү эң көп суроо жаратууда”


-- Жаш активист Нурсултан Кубанов президентке кайрылып, өзүн Малайзиядагы элчиликке сунуштап чыкты. Тышкы саясатты жүргүзгөн эң эле жооптуу, олуттуу кесип деги бүгүн кандай деңгээлде?
-- Ооба, дүйнөлүк практикада мындай кадамдын үлгүсү деле аз болсо керек. Элчилик кызматка талапкерлигин көрсөтүү балким биздин эле Кыргызстанда бар. Мен Нурсултанды бир чети түшүнөм. Өткөндө Сейтек Качкынбайдын Жапонияга элчилигине талапкерлиги көрсөтүлүп, көп киши жабыла колдободубу. Ошондой эле көрүнүш болду. Мындай кызык кырдаалдын түзүлүшүнө бийлик, ТИМ өзү күнөөлүү. 30 жылдан бери элчилик кызматы "пошелго" айланды. Жакпаган, нааразы болгон, оппозиционер, жердеш, кошоматчы, пенсионерлердин баарын элчилик кызматка коюп атышкан жокпу? Тышкы иштер министринин унчукканын көрдүңөрбү?! "Эй, айланайын, бул туура эмес! Биз тышкы саясатты кантип эффективдүү жүргүзөбүз? Улуттук кызыкчылыкты кантип коргойбуз?" деп ооз ачканын уктуңарбы? Министрликтердин арасынан ТИМдин ишмердүүлүгү эң көп суроо жаратууда. Өткөндө Шойгу дагы, Медведев дагы "СССРди курабыз" деди. Бирөө-жарым унчуктубу? Тажикстан кирип эле элди кырып кетти. Мекендештерибиздин кунун ким кууду? Эл аралык коомчулукка айтып чыкканга жарабай койдук го. Бир РФ жаранынын маанайын бузсак, калдайган Россия чыгат. Бирдеме дей алабызбы? Биздин жарандарды эл катары деле көрбөйт. Ооз ачабызбы? "Тууган" деп билген түрктөр өлкөбүзгө келип, "атайын операция" уюштуруп кетет, былтыйып туруп беребиз. Элчиси каалагандай чаң ызгытып, кыргыз уюмдарын, кыргыз жарандарын өз жерибизде "террорист" жарыялап, "сен муну менен иштеш, тиги менен иштешпе" деп короңдойт.
ТИМде отургандардын (баары эмес) компетенциясынан чоң күмөнүм бар. Канча кыйын демилгесин, канча ийгиликтүү кейс, канча укмуштуу долбоорлорун, канча тартылган инвестициясын билесиз? Мен мисалы, жанагы Афганистандагы элчиликтеги эр азаматтын эле эрдигин билем.
Нурсултан, балким мекенге күйүп, аракет кылайын, өлкөдө бирдеме өзгөртөйүн деп чыгып алды. Бүт эле тармактар деградация болуп жаткандыктан, жарандар демилгени өз колдоруна алууну туура деп эсептей баштайт. Сындайт, сунуштайт, митингге чыгат, жазат, айтат, талашат. Бошогон эле кызматка бирөөнү сунуштап жатып калабыз. Анткени бийликтин ашмалтайы чыккан кадрдык саясатына ишенбейбиз. Себеби, анын иши биздин келечекке таасирин тийгизет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











