Башканы сүйгөн күйөөм менен ажырашып кетким келет

Үчүнчү курс элем. Кышкы сессияларымды бүтүрүп, айылга жөнөдүм. Качан барсам да кеткенче жаным тынбайт: үй жыйнайм, кирлерин жууйм, тамак жасайм. Кошуналар тамашалап, «сен эс алганы келдиңби, же оокат кылганыбы?» деп күлүп калышат.
Бир күнү чай ичип отуруп апама жигитим тууралуу айтсам, «кокуй, атаң укпасын. Аяш атаң менен макулдашып коюптур. Улуу баласы Алмазды тааныйсың да, ошого турмушка чыгасың» деди. Каршы болдум, ыйладым, тамак жебей коркуттум. Эч нерсе өзгөргөн жок. Эртеси туруп алып шаарга кетип калдым. Жигитиме чындыкты айта албай, жок шылтоолорду ойлоп таап, сүйлөшпөй койдум.
Телефон чукулап отургам. «Кандай? Сенин жигитиң бар да, туурабы? Бул никеге мен деле каршымын» деген СМС келди. Алмаз жөнөтүптүр. Жооп берген жокмун.
Үчүнчү курсту аяктаганда Алмазга турмушка чыктым. Кыйналсам да мыкты жар болууга аракет кылам. Күйөөм мени карабайт. Жок жерден уруш чыгарат. Башканы сүйөрүн, ата-энеси үчүн гана үйлөнгөнүн айтат. Эркек сүйбөсө, аял бактылуу боло албайт экен. Ортодо бала болсо, мамилебиз өзгөрөт беле, билбейм. Ажырашып кетким келет.