Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга белчеден баттык, кантип тазаланаар экенбиз?

Коррупцияга белчеден баттык, кантип тазаланаар экенбиз?

09-ноябрь, 01:04
1 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери жемишин береби? Же пиар, популизмдин деңгээлинде калабы?” деген суроо салдык. Чынында эле бир караганда коррупция менен болгон күрөш башталгансыйт. Же бул жөн эле көзгө көрүнгөн маскарапозчулукпу?..

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:

-- Бүгүнкү күнү бийлик “коррупция менен күрөшүп атабыз, учурда коррупция менен шектелген иштердин айыбын ачып, акча каражатын мамлекетке түшүрдүк” деп атат. Бирок, мунун баарын ачыкка чыгарып, “мамлекетибиздин карызына момунча акча которулду. Бюджетке тигинче акча түштү” деп кандайдыр бир сумманы айтканда гана бийликтин иштеп атканы билинет. Ооба, мунун канчасы чын, канчасы шоу экенин азырынча айтуу кыйын. Бирок, ал каражаттар чын эле коррупционерлерден өндүрүлдүбү же мындай эле айтып коюштубу? Албетте, булар жаңы эле ишке кирише башташты. Бир ай, же болбосо президенттик шайлоо башталгыча чындыгында ушундай иштерди алпарып, мамлекетке бир чоң пайда кылса, алдыда келаткан президенттик шайлоодо элдин ишенимине күмөн жаратпайт эле. Эгерде бул иш жөн гана сөз менен болуп, популизмге ыкталган болсо, шайлоодо алар үчүн чоң минус экени айныксыз!

Акбөкөн Таштанбеков, коомдук ишмер:

-- Системалык коррупцияны демонтаж кылыш керек! Тамырын, топурагын (почвасын) жок кылыш керек! Эми көрөбүз эсепке канча миллиард түшкөнүн, ошондо баа берсе болот. Башы жаман эмес. Эмнеге жаман эмес? Анткени, эгемендик алгандан берки бийликтегилердин коррупция менен ушундай ыкмада күрөшкөнүн элибиз билбейт. Албетте, мындай ыкма бүткүл дүйнө жүзүндөгү кээ бир мамлекеттерде колдонулуп, аябагандай чоң эффект бергенин билет элек. Бирок, биз кыргызбыз, аны да эстен чыгарбоо керек деп ойлойм.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер