Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев, астролог: “Президент айланасындагы адамдарды тазалабаса, өтө кооптуу абалга кептелебиз”

Жанар Кадыралиев, астролог: “Президент айланасындагы адамдарды тазалабаса, өтө кооптуу абалга кептелебиз”

28-август, 10:08
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, алдыда күз айлары башталат, Кыргызстанда саясый кырдаал кайсы нукка багыт алат?

-- Кыргызстанда күз айлары эле эмес, алдыдагы көп убакыттар бою өтө кооптуу абалга туш келебиз. Аларды болтурбаш үчүн биздин журт башыдан баштап аткаруу бийлигинин баардык бутактарындагы таасирдүү адамдар абдан ойлонуп иш кылуулары кажет. Кымбатчылык болуп көрбөгөндөй басты. Ширеңкеден баштап тузга, тамак-аштан баштап курулуш материалына чейин баалары асмандады. Ал эми карапайым элдин көргөн күнү оорлогондон оорлоп баратат. Коомдук чыңалуу күчөгөндөн күчөөдө. “Кемпирабадчыларды” эбак эле “бошоткула, канчалык эрте бошотсоңор “баш оорудан” арыласыңар” дедим эле. Аларды октябрь айынын орто ченине чейин узартты. Муну да ойлонбой кылып атышат. Менимче, президенттин кеңешчилери чатак болуп аткансыйт, сабатсыз. Бул адамдардан арылмайынча президенттин кадыр-баркы төмөндөгөндөн төмөндөп, кедери кете бермекчи. 

-- Ошол жанында жүргөн адамдар ажону бузуп атабы?

-- “Жакшы жандооч кийик аттырат” эмеспи. Азыркы президенттин жанындагылар эрктери күчтүү болсо өз каалоолору менен арыз жазып, кызматтарынан кетиш керек. Чет-четинен президентти уят кылбай, жарга түртүп жибере электе кетишсин. Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди “бирдеме болсо ушу эки адам жооп берет” деп экөөнү жарга түртүп атышат да. Ал жерде бир-эки эле адам эмес, он чактысы жүрөт салпактап. Кеткенде да тордун артына... Экономика түштү, кембагал адамдардын саны көбөйдү.

-- Биздин өлкөнүн тагдырына саресеп салган чет элдик астрологдор эмне дешүүдө?

-- Латвия, Эстония, Литва өлкөсүндөгү күчтүү астрологдор КМШ мамлекетине кирген Кыргызстанды баса белгилеп, “кыргыз мамлекетинин ичинде өмүр бою камакта кала турган саясатчылар бар” деп так кесе айтып атышат. Ошондон улам, мен да кооптонуу менен биздеги саясатчыларга астропрогноз кылып баштадым, аягына чыга элекмин. Жакында кайсы саясатчылар камакка алынарын сиздерге сенсациялуу кабар айтам, бир аз күтө тургула... 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер