Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Кымбатчылыктан тамак-ашын эптей албай кыйналгандар арбын”

-- Эсенгул агай, кымбатчылыктан чыгуунун жолу барбы? Акыркы мезгилде кымбатчылык күч алганын айтып, кейигендер көбөйдү го...
-- Бул маселе чынында орчундуу. Социалдык маселе биринчи орунда турат. Эгер сен тийиштүү витаминдүү тамак-аш жебесең, аны сатып алганга акчаң жетпесе, ден соолугуң жабыркайт. Бул шаардыктарда, пенсионерлерде өтө курч маселелердин бири. Мамлекет кандай жагдай болсо да ар нерсеге шылтоо кылбай, ушул маселени жолго коюшу керек. “Курулуш жүрүп жатат, жолдор салынууда” дей эле бербей, социалдык маселени да чечүүнү колго алышы зарыл. Антпесе, мамлекетте курулуш иштери күркүрөп жатканы менен кымбатчылыктан тамак-ашын эптей албай кыйналгандар арбын. Өкмөт азык-түлүктүн баасын жеткиликтүү кылуунун жолун табышы керек.
-- Мисалы, кантип?
-- Азык-түлүк жеткиликтүү болуш үчүн мамлекет базар экономикасынын чынжырын колго алышы зарыл. Ошондой эле кымбатчылыкты жасалма жол менен кылып жаткандарга чара көрүшү керек. Айтайын дегеним, дыйкан, фермер азык-түлүк, эт өндүрөт. Алар өндүргөн продукция элге жеткенче бир канча колдон өтүп, баасы жогорулап кетүүдө. Базар экономикасы 1990-жылдары кандай башталса, бүгүнкү күндө деле ошондой эле уланып, продукцияны өндүргөндөр эмес, ортомчулар эле пайдасын көрүшүп, байып жатышат. Өкүнүчтүүсү, аларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мисалы, мен 450 сомдон дүң баа менен эт сатсам, алар машине менен жүктөп келип, базарга сатышат. Эт өндүргөндөрдү базарга киргизишпейт. Себеби, базарды ортомчулар ээлеп алышкан. Ошон үчүн эт өндүргөндөр дүң баа менен эч качан базарда эт сата алышпайт. Кыскасы, эл менен фермерлердин ортосунда ортомчуларды жаратып, көзөмөлдөп, алар аркылуу акча алып, “крыша” болуп алгандар өз ишин кылышууда. Мына ушул жасалма кымбатчылыкты уюштуруп жаткандарды коопсуздук кызматы дагы билип, көзөмөлгө алышы шарт. Коопсуздук кызматы ортомчулар системасын жокко чыгарса, эт 200 сомго жөн эле арзандамак. Картошканы да так эле ошондой жол менен арзандатса болот. Кыскасы, кластердик бирикмелерди бириктирсе, чаржайыттык жоголуп, кыйла эле арзанчылыкка бармакпыз.
-- Пенсияңыз жашооңузга жетеби?
-- Мен эле эмес, башкалардын пенсиясы деле жетет деп айталбайм. Кымбатчылык кокодон алганы пенсиясын жеткире албай кыйналган пенсионерлер көп экенин билем. Анткени, алар өздөрүн эле карабайт, неберелерине да кам көргөнгө аргасыз. Алардын бала бакчасын жана башка нерселерин төлөйт. Ошон үчүн кары-картаңдар курортторго эс алышып, ден соолугун чыңдай алышпайт. Пенсия башка зарылчылыктарга короп кеткени үчүн өздөрүнө кам көрө албай калышууда.
"Азия Ньюс" гезити