Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду

Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду

02-май, 11:35
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты. Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окулган.

Аянттан тышкары, жарандар Бишкектеги чоң мечиттерге, башка шаар-кыштактардагы мечиттерге намазга барышты.

Ислам дининдеги бир айлык ыйык орозо айын жыйынтыктаган Айт майрамы 2-майга туш келди. Бул күн дүйнөнүн миллиондогон мусулмандары үчүн чоң майрам саналат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер