Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабалган жоокер: “Кечки саат 10дон таңкы 3-4кө чейин кыйнап сабашчу”

Сабалган жоокер: “Кечки саат 10дон таңкы 3-4кө чейин кыйнап сабашчу”

08-июнь, 18:32
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Армияда кызмат өтөп жүргөн жоокерлер айрым учурларда түнү менен сабалат. Бул тууралуу Беловодское айылындагы аскердик бөлүктө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери тарабынан сабалган Бекзат Эсенбеков билдирди. Анын айтымында, аскердик бөлүктө иштеген прапорщик сабалганы тууралуу эч кимге айтпа деп коркуткан.

"Эки күндүн биринде болбосо дагы, жума сайын ушундай сабоолор болуп турчу. Бизди өздөрүнүн ырахаты үчүн сабашчу. Мени “денеңдеги көгалаларды үйүңдөгүлөргө көрсөтпө” деп, пневмония деген жалган диагноз коюп, ушул жакка жаткырып коюшту. Быяктан дарыгерлер көрүп, сабалганымды аныкташты.

Мага коркутуулар болду. Ооруканага дагы Бейшеналиев деген прапорщик келди. Ал "сени урса айт деп үйдөгүлөрдүн көзүнчө айтып, алар чыгып кеткенден кийин "айтсаң тигиндей кылам, мындай кылам, баары бир келесиң" деген сөздөрдү айтты.

Бизди уктатышчу эмес. Кечки саат 10дон таңкы 3-4кө чейин кыйнап сабашчу. Сүлгүнү суулап урчу, анткенде дене көгөрбөйт экен. Бул ӨКМда эле болуп жаткан нерсе, калганын айта албайм" деди сабалган жоокер.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер