Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шейит кеткен Мийдин үйүн куруп бүткөндөн кийин үйлөнмөк

Шейит кеткен Мийдин үйүн куруп бүткөндөн кийин үйлөнмөк

01-май, 15:28
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну Мийдин Махмадали уулу жана 33 жаштагы Жаркын Эргешов жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, алар 29-апрелден 30-апрелге караган түнү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан каза болушкан. Мийдин Махмадали уулу үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси болгон. Анын 2 агасы жана 1 эжеси бар. Устачылык менен алектенип, Баткен шаарында эшик-терезелерди жасап сатып, күн кечирип келген. Ал өз күчү менен иштеп тапкан акчасына жаңы үй салып баштаган. Үйү бүтөрү менен үйлөнүү максатында жүргөн.

Айылдашы Айбек Элчибеков маркумдарды эскерди.

«Досубуз Мийдин Махмадали уулунан туяк калбай, эрте эле ажырап калдык. Жакшы адамдар эрте кетет дегени ушул тура. Достордун арасында кадыр-барктуу бала эле.

Мындан сырткары, дагы бир айылдаш Жаркын Эргешов агабыздан айрылып калдык. Ал аке айылда элдин кызматын кылган жан эле. Элге суу чыгартып берип, керектүү көп кызматтарды аткарып жүргөн эле. Анын артында 5 баласы калды. Тагдыр экен. Жаткан жери жайлуу болсун. Алардын көңүлүндө эч жамандык жок болчу. Алар кыргыз жерлерин сактап калуу максатында барып, чыр чатактан күтпөгөн жерден каза болуп кетти. Алардын аты эч качан өчпөйт», - деди ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер