Бектур Асанов: “Жаңы жылдан кийин оппозиция кеңири масштабда уюшуп, күчөп баштайбыз”
-- Бектур мырза, жакынкы кезде эки-үч жолу суракка кирип чыктыңыз. Эмне маселе менен?..
-- 2010-жылы Апрель, Июнь окуяларына байланыштуу болду. А кезде Жалал-Абад облусунун губернатору элем. Өзүм да кызыкдармын, көтөрүлүп аткан маселе акыр-аягына чыгышына. Тергөөнүн купуялуулугун сактоого мажбурмун, майда-чүйдөлөрүнө токтолбоюн. Күнөөлүүлөр өз жазасын алыш керек. Тергөөчүлөр ынанымдуу жооп алышты, жыйынтыгын күтөбүз. Буюрса, бул нерсеге чекит коюлат деп ойлойм.
-- “Отунбаевага, Текебаевге ж.б. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берип атышат” дейт, ошондой болдубу?
-- Мунун баары жалган. Мен эч кандай көрсөтмө бергеним жок. Кимдер күнөөлүү, кандай улуу державалар аралашканын, кандай максатта уюштурганын, биздин сырткы күчтөр менен болгон байланыштарын мендеги болгон маалыматтарды толугу менен бердим.
-- Парламенттик шайлоого келели. Сенин оюңча таза өттүбү?
-- Катышкан 21 партиянын ичинен онго жакыны “бул шайлоону тааныбайбыз” деп айтышты. Жадагалса компьютерге кийлигишип, ичине кирип кетишти. “Эл каалагандай шайлоо болду” дегенден алысмын. Мен да ушул позициядамын.
-- Мындан аркы кадамыңар кандай болмокчу?
-- Шайлоону тааныбагандар, башка саясатчылар, укук коргоочулар, оппозиция маанайындагы жарандык активисттер азыр сүйлөшүп атабыз. Жаңы жылдан кийин кеңири масштабда уюшуп, “Элдик парламент” дейбизби же башкабы, бир чоң блок түзүлөт. Күчөйбүз. Демократиялык күрөш улана берет. Мыйзам чегинде аракеттер болот.
-- Шайлоодо утулуп калгандардын жеке ичкүйдүлүгү эмеспи?
-- Биздин эч кандай ичкүйдүлүгүбүз жок. Кыргыз мамлекети демократиялык принциптерди сактап, демократиялык негизде өнүгүп кете берүүсү үчүн конструктивдүү маанайдагы оппозициялык жээкте иш алып баруубузду улантабыз.
-- Бирдеме болсо эле президентти күнөөлөп жатып калабыз. А чынында кимдер күнөөлүү?
-- Бизде буга чейинки кулаган бийликтердин тегерек чети, анын командасын эки жүздүүлөр, ууру-кескилер, олигархтар курчап, кулак-мээсинин кужурун алып, “баары сонун, майкөл-сүткөл” деп атышып, жетчү жерине жеткиришкен. Андан көрө бийлик бизди туура түшүнүп, айткан сындарыбызды кабыл алып, натыйжалуу жыйынтык чыгарганы оң. Эч ким түбөлүк бийликте калган эмес, баарыбыз бул жагын эске алалы.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити