Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Эки-үч жумада суунун көбөйүүсүн күтүп жатабыз”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Эки-үч жумада суунун көбөйүүсүн күтүп жатабыз”

13-июнь, 09:00
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Быйыл суу тартыштыгы өзгөчө байкалууда. Бул көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдору бар?

-- Өзүңүздөр көргөндөй, суу жердин астынан качып кетүү коркунучу туулуп жатат. Бүгүн парламентте да бул боюнча көп депутаттар маселе көтөрүштү. Эртең ар кандай маселелердин ордуна Бишкек шаарынын мэрин, же министрлер кабинетинин өкүлүн чакырып, маалыматын укмакчыбыз. Ал эми чечүү жолдоруна келсек, ар бир аймакты бөлүп, графикке коюш керек. Анан мэрия сууну ташып келүү жагын карап көрүүсү зарыл.

-- Бирок, суу шаарда гана эмес, аймактарда да тартыш болуп атпайбы, аны кантиш керек?

-- Быйыл суукка байланыштуу тоолордо кар эрибей, суу аз болууда. Кудай буюрса, күн 40 градуска чейин ысыйт деп атат. Эки-үч жумада суунун көбөйүүсүн күтүп жатабыз. Негизи, суу сактагычтардагы суунун көлөмү жылдагыдай эле. Мисал катары айтсам, былтыр Орто-Токой суу сактагычында 330 млн. куб/метр суу жыйналса, быйыл 470 млн. куб/метр топтолду. Бирок, быйыл өсүмдүктөр боюнча маселе болууда. Кызылча менен жүгөрү көбүрөөк эгилди, алар сугат сууну көп талап кылат. Андыктан, суу маселеси бар. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер