Президент Батыштын ЖМКлары менен кармашуусун улантууда. Аягы кандай тамамдалат?


Ушундай. Батыштын долбоорлору аркылуу каржыланган ЖМКлар президент Садыр Жапаровдун жакын туугандарынын ишмердиктери боюнча материал даярдашып, бул жагынан чечкиндүү аракеттерге өтүшкөндөй. Жаатташкан чабуул ырбай баштады. Негизги маалыматтарды сырткы атайын кызматтардын агенттери жана иликтөөчү журналисттер биргеликте “кооздоп” жатышабы? Айтор, Батыштын үстөмдүк кылуусу жигердүү багыт алып, Кыргызстандагы саясый кырдаалды каалагандай бурууга дымактарын алдыртан байкатууда. Мындан ары тынымсыз атакалар орун алышы мүмкүн. Ал эми Садыр Жапаров аларга улам актанып, кыска маектерди берүү менен күрөшүп атат. Дээрлик аппараты, министрликтер, маалыматтык саясаты, айтор, пиар кампаниясы алсыздык кылып, туруштук бере албай калыштыбы? Аянтта президент жалгыз кармашып, ошого катар фейктердин гана “дүбүртү” байкалгандай... Баягы колдогон тирүү адамдардын саны да азайып кеткени жашыруун эмес. Күрөшүүнүн башка ыкмасын, жолдорун таба алышабы?
"Азия Ньюс" гезити











