Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жер тепкилеген “реформачыларга” бир шиңгил

Жер тепкилеген “реформачыларга” бир шиңгил

15-апрель, 12:21
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңешке “Реформа” партиясын жетектеген Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакировдор атсалышты, а утулуп калгандарына элдин көпчүлүгү капа деле болгон жок. Туурабы? Жаңылышпайбыз. 

Булар тим эле өздөрүн демократиянын үмүтү элестетип, кечээ эле майданга чыга калышып, баардык жарандык коомдун атынан сүйлөшүп, “Акүйдү “Дом пионер” кылабыз, Киев көчөсүн жөө жүргүнчүлөргө эле ачабыз” деп өпкөлөнгөндөн башка эч нерсе сунуштай алышкан жок шайлоодо. Рита Карасартова сыяктуу оозу менен орок оргондор топтолуп алышкан. Аларга чейин демократия жана адам укуктары үчүн күрөшкөн, өмүрүн арнаган адамдар жок болгонсуп. Жаштардан адашкандар да буларга ишенип алышкан. Бизнес десе жата калып акчага сыйынгандар. Элдин турмушун билишпейт. Баардыгын менчиктештириш керек, мамлекетти жоюш керек деген либерал сөрөйлөр. Өздөрү деле түшүнүшпөйт эмне деп аткандарын. Иши кылса, ырас эле болду, сооп! Азыр эми утулуп калгандарын да тааныбай, кайра элди күнөөлөп атышат. Буларга добуш бербегендин баары саткын экенбиз. Булар эле таза жана чынчыл. Социалдык тармактан кичине чыгып, эл менен иштегиле, азаматтар! Орусча айтканда, “и люди тогда к вам потянутся!” 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер