Акыркы кабарлар
» Саясат » Ак халат жамынышкан Шыкмаматов менен Түмөнбаев саясаттын чордонунда
Ак халат жамынышкан Шыкмаматов менен Түмөнбаев саясаттын чордонунда
24-декабрь, 19:42

10-декабрда эсеп палатасынын аудитору Акылбек Түмөнбаев кичи мекени Ысык-Көлдө улак тарттырып, эки машинаны байгеге сайып, кыйла оюн-зоок кылды. Кечинде Өрүктүдөгү жылуу сууга жоро-жолдошторун чогултуп эс алганы, саясаттын төрөсү сымал кеп салганы угулду. Жанындагы досу Алмамбет Шыкмаматов шерденип алган. Экөө энеден туума жылаңач денелерине ак халат жамынышып, талтая отурушуп, Садыр Жапаровду алкап-жакташа сүйлөшсө сүрдөп кетесиң эй! Сыягы, Садыр ханга Алмакени байлап берген ушу турбайбы? Эми доораны келип турганда, алсыздарга үстөмдүк жасашпай эле адилеттүү болушса кана? Шыкмаматовдун саясатка шыгы да, акылы да жетет. Бирок, тизгинди тарттырып, башкы талапкердин айланасын туура жолго салганга сөз айта алабы?
"Азия Ньюс" гезити