Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жаныбеков менен орун басары Шерипов элдин шоруна калышабы?

Министр Жаныбеков менен орун басары Шерипов элдин шоруна калышабы?

14-март, 09:00
698 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл, суу чарба министри Аскарбек Жаныбековдун суу чарбасына жооп берген Нурлан Шерипов деген мугалим орун басары бар. Арпа менен буудайдын айырмасын билбеген бул эргулду министр Жогорку Кеңешке дыйкандар менен жолугушууга жөнөтүптүр. Нурлан Шерипов өзүн “бүт Кыргызстан тааныйт” деп ойлойбу, балдарга сабак өткөнсүп, маңыз сөздү баштады эле, дыйкандар “дежур сөздөрүңдү токтот, андай жоопту угуп эле жүрөбүз. Сен өзүңдү тааныштырбайсыңбы, кимсиң?” деп жарга такашканда, айыл чарбасынын “а” тамгасын билбеген, кесиби юрист Нурлан Шериповдун келмеси оозунан түшүп, оозун ачып отуруп калды. “Мен мугалиммин” десе, балким, дыйкандар ошол жерден чоң чатакты баштамак, жер, суудан түшүнүгү жок бирөө аларды башкарып жатса, көйгөйлөрү чечилбесе, мына кызык! Нурлан Шерипов ашыкча сүйлөбөй, эси барда этегин жаап отуруп калганы абийир болду.

Дыйкандар “бу кунарсыз жайыт” деген категорияны кайдан алдыңар?” деп суроо беришсе, министрликтин өкүлдөрү жөндөп жооп бере алышпай, кыжырланган дыйкандар “же компетенттүү жооп бере албаган, же берген сунуштарды кабыл албаган мындай министрликти жоюш керек” деген демилге менен чыгышты. Өзү уялып кетип калбаган, “карьера эле керек” деп креслого жармашып отурган Нурлан Шерипов дыйкандардан тил угуп, бозала болбой, орунду иш билген кишиге бошотуп бербейби?.. Дыйкандарды дүрбөлөңгө салган өкмөт токтомдорун демилгелеген министр Аскарбек Жаныбеков кызыл тилин сайратып, теледе орусча-кыргызча маектерди куруп, элдин кулагын ушалагандан колу бошобой жатат окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер