Бакыт Сыдыков да мандатын тапшырып кетеби?


Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов мандаттарын тапшырышты. Райымбек Матраимовго жакын, колбалдары катары чуркап жүрүшкөндөрү эске алынып, жарга такалышса керек. Негизи ыгы менен көп мисалдарды, кыйла эл өкүлдөрүн, чиновниктерди тизмектей берсек жарашат. Ириде, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков боюнча эскертип коёлу да. Бул эргул Райымбек Матраимовго жагалданып, кан доско айланып, айланчыктап эле жүрчү. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан да талапкерлигин коюп чыккан. Кыскасы, РМге эң жакын адамдардын катарында Бакыт Сыдыков да болгону факт. Куулук-шумдугун карасаң, башка жээкке секирип кеткенге жетишкен. Азыр билмексен тартып, фракция жетектеп, парламентте отурат. Чын эле калыстыкты карашса, анда Бакыт Сыдыков да мандатын тапшырып кетпейби? Бул өзгөчөбү? Же баарын сатып алганбы? Кызык. Эл карап турат да...
"Азия Ньюс" гезити










