Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга качан барары белгилүү болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга качан барары белгилүү болду

04-май, 18:17
1 114 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 19-20-май күндөрү Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирген.

Иш сапардын алкагында, эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуулары тар жана кеңейтилген форматта өтөрү белгилүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине саясый диалогду андан ары чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү менен казак-тажик стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү кирет.

Аймактык кызматташтыкты өркүндөтүүгө, Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. 

Буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Рахмон менен Токаев май айынын экинчи жарымында жолугарын билдирген.
 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер