Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз экономикасындагы алдыңкы ишканалар аныкталды. Тизме

Кыргыз экономикасындагы алдыңкы ишканалар аныкталды. Тизме

28-сентябрь, 11:31
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Рейтингге 21 миңден ашуун компания камтылган.

Статистика боюнча улуттук комитет беш көрсөткүч боюнча экономиканын реалдуу секторундагы алдыңкы ишканалардын рейтингин жарыялады.

Анда 21 миңден ашуун компания көрсөтүлгөн.

Рейтингди аныктоо үчүн кызматкерлердин саны, товарлардан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше, операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым, ошондой эле сальдолоштурулган финансылык жыйынтык эске алынды.

Төмөндө алдыңкы ондукка кирген 11 ишкананы сунуштайбыз (эки ишкана бирдей 6-орунга илинген):

1. "Кумтөр Голд Компани" (пайдалуу кен иштетүү);

2. "Алтын кен" (пайдалуу кен иштетүү);

3. "Манас" эл аралык аэропорту (транспорт жана жүк сактоо кызматтары);

4. KAZ Minerals Bozymchak (пайдалуу кендерди казуу);

5. "НУР Телеком" (байланыш);

6. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы (транспорт жана жүк сактоо кызматтары);

7. "Кыргыз алтын" (алтын иштетүү өндүрүшү);

8. "Альянс алтын" (алтын иштетүү өндүрүшү);

9. "Кыргыз нефтегаз" (пайдалуу кендерди иштетүү);

10. "Альфа Телеком" (байланыш);

11. "Интергласс" (айнек өндүрүшү).

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер