Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз!

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз!

02-октябрь, 00:28
1 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын төртүнчү билдирүүсү)

Урматтуу мекендештер! 

Биздин партия үч ай мурда (29-июнь, 2020-жыл) биринчи билдирүү жасап, Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы курамынын өткөн беш жылда кыргыз өлкөсүнө жасаган зор кесепет иштерин тизмектеп, мамлекетти кандайча туңгуюкка кептегенин, коррупцияны эбегейсиз гүлдөткөнүн, кыргыз элин пандемия учурунда геноцидге тушуктурганын далилдеп бергенбиз. Бирок жоопкерчилик түп орду менен жоголгон мамлекетте депутаттар бул кылымга тете кылмыштары үчүн сот жообуна тартылмак турсун, кайрадан жаңы парламентти ээлеп калууга жулкунушууда. 

Биз, аграрчылар, Жогорку Кеңештин депутаттарына: «Сиздердин кыргыз элинин жана тарых алдында кайрадан депутат болуп шайланып келүүгө моралдык да, саясый да укугуңар жок! Жоопкерчиликти олуттуу кабылдап, андай сокур чечимден баш тартыңыздар! Ар-намыс жана өзүңөргө урмат-сый болсо, анда жолду башка жаңы адамдарга, таза, кесипкөй, мекенчил улуу-кичүү инсандарга бошотуп бергиле!» - деп кайрылганбыз. Бирок, тилекке каршы, мыйзамды тебелеп-тепсегенден, адилеттүүлүккө жана ыйманга какырып-түкүргөндөн, өлкөнү сазга тыккандан, тоногондон чарчабаган, тажабаган байбача-көпөс, ууру-кескилер биздин кайрылууну каакы ордуна көрүшпөдү. 

Бул жолку парламенттик шайлоо мыйзамды көз көрүнөө тебелеп-тепсөө менен башталды. Боршайкомдун «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтеткен адилет чечимин депутаттар өздөрү тастыктаган «сатылма соттор» одоно бузуп, шайлоону легитимсиз кылып салышты. Ошондой эле, шайлоонун үгүт учурунда мурда болуп көрбөгөндөй ыплас иштер жасалууда. Боршайком «форма 2» деген күмөндүү бюллеттенди киргизип, ал боюнча дээрлик жарым миллион адам добуш бермей болду. Ал эми акча таратып, добуш сатып алуу боюнча бул парламенттик шайлоо эгемен Кыргызстандын тарыхында рекорд коюп жатканы эл ичинде айтылып, көптөгөн нааразычылыкты жаратууда. 

Урматтуу мекендештер! 

Жогорудагы жүйөөлөрдүн негизинде, биз, аграрчылар, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо пикирдебиз. Баардык кайдыгер эмес, мекенчил, прогрессивдүү инсандар, саясый күчтөр биздин пикирди колдооруна үмүт артабыз.

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү: 

Калил Жумабаев, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Сапарали Аскаров, Жумабек Жаилов, Иманберди Жумалиев, Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов.


Бишкек шаары, 2-октябрь, 2020-жыл

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер