Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Суваналиев: “Мен коопсуздукту көзөмөлдөйм”

Өмүрбек Суваналиев: “Мен коопсуздукту көзөмөлдөйм”

06-октябрь, 13:05
1 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү кырдаал боюнча коопсуздук кеңеши иштеп жатканын билдирди. Ал «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берип, азыр легитимдүү бийлик катары абалды турукташтырганга аракет кылып жатканын айтты.

-- Биринчиден, азыр мен коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары катары кураторлук кылуудамын. Болуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн укуктук ченемдерибизди колдонуп, аракет кылып жатабыз. Бизде бир гана милдет – коопсуздукту көзөмөлдөө жана өлкөнүн стабилдүүлүгү, - деди Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев шайлоо өнөктүгү башталганга чейин коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматында болгон. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган.

Анын айтымында, кырдаалдан улам кызматына убактылуу кайтып келген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер