Билими, тажрыйбасы жетпеген Орозайым Нарматова кантип депутат болот?


Соцтармактарда оозун чоюп, акыл парасаты жетпесе да Садыр Жапаровго асылууну өнөр туткан Орозайым Нарматованы билесиңер. “Бийликти сындайт” десе эле айылдык ушакчы жеңелердин образына түшүп алып, этикага сыйбаган сөздөр менен албууттанат. Сын айтканга жараша өзүңдүн альтернативалуу сунушуңду билдир да. Кайсы бир көйгөйдөн, кризистен чыгуунун жолдорун демилгелеп, караңгыдан көз тапкандай жарык чачышың керек. Тилекке каршы, Орозайымда андай сапаттар, баалуулуктар таптакыр жок экен. Баткак чачыратуу, араздашуу, анан жеңил-желпи упай топтомой. Ушундай жүрүшү менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы аркылуу парламентке депутат катары өтүп, мандат алганы турат. Кайсы жогорку окуу жайын бүткөнү, толук кандуу окуганы боюнча шектелип, тирукмуш кептер соцтармактарга тарады. Өзү жооп бергенин уккан жокпуз. Билими, тажрыйбасы жок болсо, тек гана беттырмарлык менен ажылдап, “Фейсбук баатыры” катары көрүнсө, а иш жүзүндө кантип мыйзам жазат? Парламенттин парасатын, деңгээлин ушуга окшогон чала сабаттар түшүрсө, акыры “какырык” лакабына калышпайбы? Баса, бул айым миңге жетпеген добуш алыптыр. Эми ошону колко кылуу менен депутаттык креслону минип, уят кылат го? “Кой аксагы менен миң” дегендей, артка тарткандар эми да арбыйт тура. Акыл чөйчөгүң толот бекен? Ай ким билет?..
"Азия Ньюс" гезити











