Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райымды кимдер каралашкан? Али, Эркин, Төрөбай, Дүйшөндөн “жыландын башы” чыктыбы?..

Райымды кимдер каралашкан? Али, Эркин, Төрөбай, Дүйшөндөн “жыландын башы” чыктыбы?..

18-ноябрь, 14:23
1 439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алгач Али Токтакунов Прагадан май айында Стамбулга учуп, ал жерден Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковго жолукканы айтылганы, андан соң Бишкекке келе калып, “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу “тумандуу иликтөөнү” чүргөй коюп, Райым Матраимовго жалаа жапканы эсибизде. Коомчулукта эки анжы ой пайда болуп, бирок, көп өтпөй эле анын буйрутма экени ачыктала баштаган. Аталган акчалар товар жүгүрткөн атамекендик ишкерлердики болуп чыккан. Натыйжада, ал иш менен уйгур тектүү Айеркен Саймаити шугулданары белгилүү эле...

Кылмышка шектүү баласы-атасы: Азамат жана Эркин Сопоков депутат Төрөбай Зулпукаровдун эң жакын адамдары болгон

Жакында Айеркен Саймаитини Стамбул шаарынан атып кетишкен. Кармалган киллерлер көрсөтмө берүүдө “мусулман болбогону үчүн өлтүрдүк” дешиптир. Бирок, бул негиз болбошу да мүмкүн. Эң кызыгы, Стамбулдагы Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковдун дипмашинасын Саймаити ижарага алып, пайдаланып жүргөнү ачыкталды. Ошого катар экөөнүн мамилеси ынак болгону, жең ичинен бизнес кылышканы да айтылууда. Бул боюнча атайын кызматтык иликтөө башталганы белгилүү. Эркин Сопоков болсо, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шопуру, мындайча айтканда, көздөй адамы эле. Экс-президенттин заказын аткарып турганбы?.. Дал ушул Сопоковдун Азамат аттуу баласы УКМКда иштеп жүргөндө пара менен кармалганы, соцтармакка видеосу жайылганына күбө болдук. Андагы бийликтин “керемети” менен Азамат жоопкерчиликке тартылбай эле Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп алганы ашкереленди. Бул боюнча Зулпукаров өзү моюнуна алып, атасы Сопоков менен өтө жакын мамиледе болгонун да жашырбады. Ошондо “иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн” сезип атасыңарбы?.. 

Айеркен Саймаити менен “Душканын” жакындыгында мандем бар окшойт

Айтмакчы, Али Токтакунов “иликтөөсүндө” “Бир Бол” фракциясынан депутат, “Душка” каймана атындагы Дүйшөн Төрөкуловду сүйлөтөт. Эки ооз сөздү эптей албаган Төрөкулов “ошолордун эле колунан келип атпайбы” деп Райым Матраимовдун короосуна “таш ыргытат”. Бирок, эмнени айтып атканы түшүнүксүз боюнча калган... Ал эми бүгүн болсо, Айеркен Саймаити менен Дүйшөн Төрөкуловдун чай үстүндө отурган сүрөтү жарыяланды. Коомчулук таңгалууда. Бул экөөнүн криминалдык жактан байланышы болгон эмес беле? Эске салсак, бир топ мезгил өтүп калды, Оштон ири суммадагы миллиондогон доллардын тонолгонун “бирболчулардан” шек санашканын окудуңар беле? Жакында эле “Манас” аэропортунан дагы бир уйгурду өлтүрүшүп, жанындагы ири сумманы тоноп кеткени, бул жагы да “бирболчуларга” байланыштуу эмеспи? Ошондо мындай чиеленишкен иштерди ким кылышы мүмкүн? Бул суроолордун түйүнү да чечмеленсе керек... Кызыгы, “Душка” азыр Төрөбай Зулпукаровго ыктап атканы да жөн жерден эмес го?..

Сөз соңунда

Жогорудагы фактылар менен шектенүүлөргө биз болгону анализ кылдык. Азырынча күч органдары да “казганга” үлгүрө элек. Бүйүр кызыткан маалыматтарга коомчулук кызыгып, чындыкка умтулганынан улам соцтармактарда көтөрүлүп, баягы из куугандай эле биринин артынан бири “жарк” этүүдө. Кызык далилдер дагы алдыда окшойт...

Aryba.kg






Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер