Министр Ниязбековду кызматтан алуу – ажонун канатын кайрыганга барабар


Соңку убакта кызык жагдай жаралууда. Ички иштер министри Улан Ниязбековду урдуруп эле каралоонун маңызы эмнеде? Министрлик орун кимдир бирөөлөргө керек болуп атабы? Бул жагы саясый оюнга айланып кетти. “Ниязбеков качан кетет экен?” деп ачкүсөндөй күтүп отурушкандар четтен чыгышууда. Бир эсе кызматка эч ким түркүк болгон эмес. Аткаминерлер келет, кетет. А учурдагы кеп башка.
Бийликти алсыратуу, өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн ириде Улан Ниязбековду “жайлашса”, андан кийин Садыр Жапаровду кулатууга амал кылышкан кербездериби? Тирөөчсүз үйдүн турарын элестете алабызбы? Жок! Реалдуу логикадан алганда, кандайдыр бир табышмактуу төп келишүүчүлүк сезилип тургандай. Үч жылдан бери ИИМ тарабынан коомдук-коопсуздук абал туруктуу сакталып, алдын ала көптөгөн профилактикалык иштер жасалып, элдин тынчтыгына өбөлгө түзүлүп келатат. “Кой аксагы менен миң” дегендей, ооба, милициянын ичинде деле жаза тайгандарды танбайбыз, бирок жалпысынан реформага, өнүгүүгө бет алганы ырас. Мындай шартта ИИМдин ыркын кетирүү, ички карама-каршылыктарды жаратуу кимге опо? Эгерде Улан Ниязбеков кызматтан алынса, анда ажонун канаты кайрылгандай эле образды көрүүгө болобу? Жазда кескин түрдө саясый кырдаалдын чыңалуусуна өбөлгө түзүлөбү? Бара-бара бийлик талашуу ачык эле башталабы? Дагы көп суроолордун жандырмагын ачыктабай туралы. Бетме-бет келсе дос көрүнүп, а түпкүрүндө “колтугуна котур ташын катып алгандар” да жок эмес. Айтор, терең таризде акыл калчап көргүлө. Жөн жерден чабуул башталган жок. Түпкүлүгүндө Улан Ниязбековду сактап калуу – келечекке карай ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түзөт. От тутантып ойногондор ар мезгилде чыга келгенин эске алып, арканды алыс ыргытуу менен интригадан бийик туралы...
"Азия Ньюс" гезити











