Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты

Ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты

27-июнь, 23:25
1 605 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай учур сейрек кездешип, ал Моррис синдрому деп аталат. Бул ооруга кабылган адам сыртынан аялдай көрүнгөнү менен генетикалык жактан эркек болуп эсептелет.

Индияда төрөй албай жүргөн аял эркек болуп чыкты. Бул тууралуу "Известия" PTI басылмасына таянып кабарлаганын “Спутник” жазып чыкты.

Билдирмеге ылайык, Калькутта шаарынын тургуну ичи ооруп жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Анын турмушка чыкканына тогуз жыл болгон.

Текшерүү учурунда дарыгерлер бейтаптын жумурткасы жок экенин аныкташкан. Ошондой эле жыныстык хромосомасы XY экенин көрүшкөн. Ал эми мындай хромосома эркектерде гана болот.

Уролог: аз кыймылдаган эркек тукумсуз болуп калышы мүмкүн

Онколог Анупам Дутта кайрылган келиндин сырткы келбети кадимки аялдыкындай экенин билдирген.

"Үнү, төшү, жыныс мүчөлөрү -- мунун баары анын аял экенин көрсөтүп турат", - деген онколог.

Дарыгерге кайрылган келин буга чейин бир да жолу этек кири келбегенин айтып, бирок ага маани бербей жүрө бергенин мойнуна алган.

"Келиндин ичи шишик бар үчүн ооруткан. Бул кабарды күйөөсү экөө тең оор кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, мындай учур сейрек кездешип, ал Моррис синдрому деп аталат. Бул ооруга кабылган адам сыртынан аялдай көрүнгөнү менен генетикалык жактан эркек болуп эсептелет. 

“Спутник”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер