Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Мени же аялыңды танда!” деген өктөм үндөн жашоом бузулду
“Мени же аялыңды танда!” деген өктөм үндөн жашоом бузулду
23-декабрь, 11:37

Ажырашуу алдында турам. Бир балам бар, өзүмдүн бөлүнүп кетким келбейт, корком ажырашкандан. Мындай жашоонун артынан жакшы сөз келбейт го? Ажырашуунун себеби: кайненем менен урушуп кеттим. Кайненем уулуна катуу талап койду: “Аялыңды же мени танда!” деп өктөм сүйлөдү.
Күйөөмдү баласы ойлондурган жок. Мени "кет" деди. Чыгып кеттим. Кетээр алдында кайненемден кечирим сурадым. Үн катпады. Эшик жабылды. Чоң деле уруш эмес эле. Чыдабай кетип, кайненеме каяша айткам. Ушинтип жазасын алдым. Үй-бүлөнүн бузулушу ушунчалык жеңилби?
Нурайым