Бегалы Наргозуев, кинорежиссёр: “Кокон хандыгын тасмага тартууга кызыгып жүрөм”


-- Бегалы мырза, “Жылкычы чымчык” деп аталган жаңы тасмаңыздын бетачары болду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Тасма канча убакта, кайсы жерлерде тартылды?
-- Бул мен эчактан бери эле кыялданып жүргөн чыгарма болчу. Ал эми кинону тартууга бир жарым жыл убакыт кетти. Адегенде Алайда тарталы дегенбиз, кино тартуучу топтун айрым мүчөлөрү менен атайын кыдырып, Кубат акенин үйүндө да болгонбуз. Сары-Могол айылынан жогору Ленин чокусуна кеткен жолдо атайын жерлерди тандаган болчубуз. Бирок, башкы ролду ойногон эжебиз “ден соолугума байланыштуу алыска бара албайм, кан басымым жогору” дегенинен кайра башка жактарды издөөгө туура келди. Анан Кумтөрдүн жанында Ара-Бел деген жер бар, алгачкы съемкаларды ошол жерден тарттык. Алгач бизге бир топозчу 300 топозун тасма тартууга бермей болгон. Бирок, кээ бир атаандаштар айнытып коюп, ал топозун бербей койгондуктан, башка бир жакшы топозчуну таптык. Ошол киши аялы экөө жардам беришти. 2022-жылы март-апрелде толуктоочу эпизоддор Кара-Кужурдан тартылды. Себеби, топоз тууган маал ошого туш келет экен. Бийик тоонун шартында иштедик. Бир-эки кишибиз кычкылтек жетишпей, түтөктөп жыгылып калган күндөр болду. Дагы бир нерсе, ошол жылы кар аз түшүп, ал да бизди бир топ түйүшүккө салды.
-- Буга чейин кино чөйрөсүндө 10 жыл иштегенсиз да. Ошол кезде жыйнаган тажрыйбаңыз жардам бергендир?
-- Албетте. Мен киностудияга барганда Океев, Шамшиевдердин чыгармачылыгы гүлдөп турган маал эле, каалаган киносун тартышчу. Алардын артында Мелис Убукеев, Геннадий Базаров, Замир Эралиев, Шамил Жапаровдор кезекке турган мезгил болчу. Ондон ашуун ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүрүп келгендер да бар. Ошон үчүн бизге режиссердун жардамчысы, ассистенти деген сыяктуу гана кызматтар тийген. Бирок, ошого да кайыл болуп, “мэтрлердин кино тартканын көрөм, үйрөнөм” деген ниет менен жүрдүк. Ошол кишилердин жакшы нерсесин алганга аракет кылып, актёрлор менен иштешкенди үйрөндүк. Бизди алты ай сайын ВГИКтин жогорку режиссерлук курстардын алдындагы квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберип турчу. “Мосфильмге”, “Ленфильмге” көп жолу командировкаларга бардым. Дүйнөлүк кинолорду ошол жерден көрүп, кино деген эмне экенин түшүндүм. Ошон үчүн кинодо жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди деп ойлойм.
-- Сыр болбосо, кино тартканга каражат көп кетет бекен?
-- Союз тараганда баарыбыз “акча жыйнап келип, кино тартабыз” деген ниет менен кеткенбиз да. Ал кезде кино тартуу аябай кымбат эле. Мен “азыр кино тартканга канча акча керек?” деп көпкө чейин сурап жүрдүм. Чоң суммалар айтылып аткан. Анан былтыр менин алым жете турган суммалар айтылып калды. Себеби, азыр санариптик кинолор келди. Плёнка сатып алыштын кереги жок. Камерага флешка салып алып эле тарта бересиң. Плёнка жуумай жок, “брак болуп калыптыр, кайра тартабыз” деген нерсе жок. Азыр 100 миң долларга тартса болот. Мен иштеп жүргөндө кинолор 1 миллион долларга тартылчу.
-- Тартуу процессинде сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болду?
-- Мен дебютант режиссер болгонум үчүн кандай болор экен деген күдүктөнүү кыйнады. Сен өзүңө ишенбей жатсаң, ал атмосфера жалпы кино тартуучу топко да таркайт экен. Режиссер негизинен мизансцена түзгөндү билип, актёрлордун оюнун көзөмөлдөшү керек. Мен бул маселени кантип чечтим? Өзү дүйнөлүк профессионал кинодо мизансценаны коюучу оператор менен сүрөтчү жасайт. Бирок бизде сүрөтчү ооруп, катыша албай калгандыктан, мен көбүнчө кинооператорубуз Хасан Кыдыралиевдин тажрыйбасына таяндым. Ал эми актёрлор менен иштешүүдө экинчи режиссер катары Бусурманкул Одуракаевди алгам. Ал иштеп атты. Өзүм дагы актёрлорго “мен актёрлук искусствону окуган эмесмин, силерге “кыйын билем” деп үйрөтө албайм. Болгон суранычым, реалдуу турмушта адам ушундай кырдаалда өзүн кандай сезет, ошол образга кирип ойногула” дедим. Алар да дароо эле түшүнүшүп, образга кирип кетишти.
Дегеле биздин кинодо режиссерго аябай көп милдет жүктөлөт. Монтаж да режиссердун мойнунда. А дүйнөлүк практикада кинорежиссер тартып койгонду гана белет. Калганын бүт башка кишилер жасайт.
-- Фильмге өзүңүз канчалык деңгээлде канааттандыңыз? Тасма тартылып бүткөндөн кийин эми жаңы пландар пайда болгондур?
-- Мен өзүм каалагандын 70 пайызын гана аткара алдым деп ойлойм. Ага түрдүү себептер болду. Шартка, мүмкүнчүлүккө байланыштуу жасайбыз деп туруп, жасай албай калып аттык. Бирок, көрөрмандар жакшы кабыл алгандан кийин, айрыкча Кубат аке “ишке ашыптыр” дегенден соң санаам бир аз тынчып калды.
Албетте пландар арбын. Менин өзүмдүн бир сценарийим бар. Бала менен эненин мамилеси жөнүндө. Быйыл тартам деп ойлодум эле, бирок үлгүрбөй калып, кийинки жылга өтүп кетет окшойт. Андан сырткары, Кубат акенин мен кызыгып жүргөн эки-үч чыгармасы бар, эгер өзү макул болсо ошону экрандаштырсамбы деп жүрөм. Кокон хандыгынын, Полот хандын, Алымбек датканын, Нүзүп бийдин тагдыры, дегеле хандыктагы кыргыздардын ролу кызыктырат.
-- Тасма кеңири экранга качан чыгат?
-- Биз өзүбүз көрсөткөнгө шашып атабыз, бирок дүйнөлүк кинофестивалдардын бир шарты бар: ар бир фестиваль “кеңири тарап кетпесин, биринчи бизден көрсөтүлсүн” деген талап коюшат. Экинчи талабы: интернетке чыкпашы керек. Бизге да “кинофестивалдарга катышкыла” деген сунуштар болуп атат, ошон үчүн бетачарын кинотеатрларда эмес, Кино үйүндө өткөрдүк. Алты айдан кийин, кинофестивалдарга катышып келген соң кинотеатрларга чыгарабыз.



Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











