Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Молдокматов аныгында Текебаевдей же Байсаловдой боло албайт. Бул “куурчак”!

Молдокматов аныгында Текебаевдей же Байсаловдой боло албайт. Бул “куурчак”!

23-декабрь, 18:01
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоого карата бийликтин расмий партиялары тушоолорун кесе элек. Бирок, көшөгө артынан быгышып, кере кулач тизме түзүшүп, кызыл чеке болуп атышканы угулууда. Аткаруучу “дирижер” катары Төрөбай Зулпукаровдо “рычагдар” пайда болгону эмнени билдирет?..

Эл көзүнө түндүктөн чыккан жаш лидер катары Жеңиш Молдокматовду бетке кармашары алдыртан айтылып атат. Бул жигит даяр “Замандаш” партиясын мине калып, элге таанылууда. Акүйдүн аппараты жөлөп-таяп келет, иш жүзүндө белгилүү коомдук ишмерлерге, депутаттарга Молдокматовду кошуп, ар кандай талкууларга, конференцияларга катыштырганын байкап жүрөбүз. Бир сөз менен айтканда, жасалма лидерди жаратышууда. А саясаттын ызгаарына, аёосуз күрөштөрүнө чыдоо тамаша эмес да. 

Мисалы, мугалим Өмүрбек Текебаев СССРдин билим берүү системасы менен пикири келишпей, окуучуларды күзгү талаа жумуштарына чыгарууга каршылык көрсөткөн болчу. Агезде жаш болсо да жанын тобокелге салып, жаңычыл көз караштагы лидер катары тоңгон музду жарып чыккан да. Акаев, Бакиев, Атамбаев режимдеринен бери карасак, Текебаевдин саясый рейтинги океандын толкунундай бирде ылдый, бирде өйдө оргуштап, бирок ал жок болуп кеткен жок. Алдыңкы катарда келатат. Текебаев үч жолу түрмөгө түшкөн, ыплас каралоолорго кабылган, аныгында, бийлик машинасы сындыра алган эмес. Саясатчылардан Өмүрбек Чиркешович көргөн кордукту эч ким көрө элек... Ал эми кийинки муундан чыккан заманбап баштоочу Эдил Байсалов да агымга каршы сүзүү, чындыкты айтуу жагынан эчен азаптарды көрдү. Акыйкат желегин Акаев доорунда эле көтөрүп чыгып, Бакиевдин кандуу режиминде криминалдар кол салып, аягы саясый куугунтукка кабылуу менен Батышка кетүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы төңкөрүшчүлөр бийликке келгенде азыноолак кызматта иштеп, көп өтпөй оппозициялык жээкке өткөн. Акаев, Бакиев бийлигинин учурунда Байсалов кандай ачуу чындыкты айтса, Атамбаевди да көзгө сайып, адилетсиздик үчүн күрөшкөн. Учурда Лондондо элчи, бирок мекенибиздеги ыплас көрүнүштөргө кайдыгер карабай, кээде “тили кычышып” кетип атат... 

Биз мисал келтирген Текебаев менен Байсаловду эч ким түртмөлөп лидер кылган эмес. Экөөнүн табиятында жемиш бере турган данектери бар болгону үчүн дайыма өсүү үстүндө. Идеяга, жаратмандыкка бай да булар...

“Ала кушту атынан ата” деген кыргыздын кеменгер аксакалдары. Жеңиш Молдокматов бул – “куурчак”! Убактылуу гана роль жаратарын эстен чыгарбайлы. Кооз сүйлөп, жасалма харизма күтүп, жылтыраган костюм кийип алса эле лидер болуп калмак беле? Кудайды карабайсыңарбы?! “Элдин элеги” деген бар. Оор кыйынчылыктарды көрбөгөн “сары ооз балапан” саясатчы катары саналбайт. Мындай “лидерлерди” Акаев, Бакиев жана Атамбаев да өз “фабрикаларынан” чыгарган. Алар кайда азыр? Молдокматов да келечекте ошолордун бири болсо керек да-а...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер