Азиз Биймырза менен Назира Аалы кызы “Манас” академиясын жандандырууда


“Манас” улуттук академиясы 25-ноябрда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Манас” кыргыз маданиятынын коду. “Манас” маалымат майданында” аттуу жарнамалык машыгуу уюштурду.
Эң башкы маселе – кыргызды бириктире турган "Манасты" пропагандалоо, бала бакчадагы балдардан акыл-эси толуп, жетилип калгандарга чейин “Манастын” баалуулугун сиңирүү тууралуу сөз айтылып, кереге кеңеш уюштурулду. Жаңы жетекчиси Азиз Биймырза уулу жана орун басары Аалы кызы Назира башында турган мекеме мыкты идеяларды ишке ашырууга билек түрө киришип жатышканынан кабардар болдук. Заңгыраган имаратта “Манас” академиясына тийешелүү кичинекей эки бөлмөнүн бирине "Айкөл" деген чакан телестудия жасашыптыр. Азиз Биймырза уулу жетекчилик кызматка келери менен “Манас” улуттук академиясынын башкалар тартып алган залдарын кайра кайтаруу аракети башталганын угуп кубандык. Арышыңар кенен болуп, “Манас” улуттук академиясынын атагы алыска, даңкы даалайга жетип, улуттук баалуулуктарды сактоого эбегейсиз салым кошо бергиле!
"Азия Ньюс" гезити











