Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабиз кайра кымбаттайбы? Фермерлер сабиз тиккенден баш тартышты

Сабиз кайра кымбаттайбы? Фермерлер сабиз тиккенден баш тартышты

25-май, 19:52
897 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр сабиздин кымбаттаганы эсиңердеби? Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин килограммы 100 сомдон ашып түшкөн болчу. Быйыл күзүндө кайра дефицит болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына фермерлер айтып беришти.

Жер иштеткендердин айтымында, былтыр суу тартыш болуп, сабиз тиккен фермерлердин көбү чыгаша болгон. Быйыл алар сууну көп иче турган жер-жемиштерди тиккенден чочулашкан.

"Беш-он гектар жерге тиккендер түшүмүнүн 50%ын эле алышкан. Анткени көбү майда чыгып, стандарттарга ылайык келбей калган. Көпчүлүгү аны жыйнашкан да эмес, ошо бойдон талаада калды. Быйыл дыйкандар сабиз тиккенден чочулашты. Анын ордуна сууну аз керектеген жүгөрү менен арпа айдашты" деп фермерлер айтып беришти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер