Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адашбек Жунушалиев: «Айыл чарбасына чоң көмөк көрсөтүүчү суу бүрккүч – гидротаран!»

Адашбек Жунушалиев: «Айыл чарбасына чоң көмөк көрсөтүүчү суу бүрккүч – гидротаран!»

18-июнь, 23:22
979 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Аквасильвер» ЖЧКсынын генералдык директору Адашбек Жунушалиев мырзаны көптөн бери билем. “Кыргыз айыл чарбасына, анын өнүгүшүнө салым кошсом” дегенде эки көзү төрт болуп чуркап жүргөн адамдардын бири. Өзгөчө ушу күндөрү суу жетпеген, дан эгиндери же жашылча-жемиштер тигилген кайрак жерлерге суу маселесин оң жолго коюп, бир топ иштерди алдыга жылдырууда. Жакынкы кезде бул ишти айыл чарба министрлиги колдоого алып атканынан да кабардар болдук.

-- Адашбек мырза, гидротарандын артынан чуркап жүрөсүз, ушул боюнча кыскача маалымат берип кетесизби?

-- Гидротарандын патентин ойлоп табуучу Рогозин Григорий Васильевич болгон. Аны биздин “Аквасильвер” компаниясы толугу менен сатып алганбыз. Компаниянын үлүшүндө казакстандык Масимов Кажымкан Касымович бар эле. Тилекке каршы, жогоруда айтылган эки адам тең кайтыш болуп кетишти (жаткан жерлери жайлуу болсун). Ошого карабастан компания өз ишин тынымсыз улантып келет. Кыргызстанга жана Казакстанга ар кандай кубаттуулукта 30дан ашык гидротаран, же мындайча айтканда, суу бүрккүчтөр коюлду. Ошол эле убакта агрегаттын иштөөсүн жакшыртуу үчүн кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетиштик, учурда бул кошумча ойлоп табуулар кагазга чийилип, “Кыргызпатентке” даярдалууда.

-- Сөзүңүзгө аралжы, сиздер гидротаранды “суу бүрккүч” деп атапсыздар. Мен туура түшүндүмбү? 

-- “Суу бүрккүч же “суубүрк – гидротаран” деп атадык, ооба, сиз туура эле түшүндүңүз. Эмне үчүн суу бүрккүч экенин жана анын иштөө жагдайына да токтоло кетсем. Анткени сууну агымдан жогору биздин агрегат бүркүп, түртүп чыгарат. Башка насостордой болуп соруп чыгарбайт. Суубүрк – гидротаран сууну өйдөгө чыгарууда суунун агымынын күчүн гана колдонот. 100-200 метр бийиктикке чейин. Кошумча кызмат кылуу талап кылынбайт. Анын ичинде электр тогу, бензин, соляркалардын кереги жок. Биз коюп бергенден кийин иштөөсүнө үч жылдык кепилдик беребиз, кийин кардар өзү эле эң негизги деген клапанды жөнөкөй жол менен алмаштырып алса болот. Ашыкча убаракерчилик тартпай дегеним.

-- Сиз айтып аткан “суу бүрккүчтүн” өзгөчөлүк жактарын айта кетесизби?

-- Кыргызстандын аймагында көптөгөн дарыялар бар жана алар кайрак жерлерден төмөн жакта болгондуктан суу көйгөйү абдан курч абалда. Биринчиден, жогоруга сууну жеткизүү үчүн каналдарды узак жерден казып келүү керек, бул ишке акча каражаты көп кетет да, аны ар бир дыйкан, ишкер таба бербейт. Биз болсо узун каналдарды казып отурбай эле жогору жакка, кайрак жердин тушуна суубүрктү – гидротаранды орнотуп, сууну түз эле чыгарып беребиз. Экинчиден, кайрак жердин аянтына жараша биздин суу бүрккүчтөрүбүз болот. Кубаттуулуктары жөнүндө айтып атам. 50 гектарга өзүнчө, 100 гектарга өзүнчө дегеним. Бул жерде да канча деген каражаттар үнөмдөлөрү айтпасак да түшүнүктүү болсо керек. 

-- Суу бүрккүчтөрүңөрдү айыл чарба министрлигине көрсөтүп, тааныштырдыңарбы, эмне дешти?

-- Ушул биздин иштерге Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги быйыл жакшы көңүл буруп, баардык облустарга, райондорго маалымат жеткизишип, көп кардарлардан буюртмалар келүүдө. Ошондой эле биздин компанияга грант түрдөгү каражаттарды бөлүп берүүгө чоң көмөк көрсөтүшүүдө. Ушул алакалар жөнүндө министрлик менен  «Аквасильвер» ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлдү, министр Чодуев Эркинбек Урайымовичке жана анын орун басары Керималиев Жаныбек Калкановичке чоң ыраазычылык билдирип кетким келет, алардын биздин долбоорду түшүнүп, жардам беришкенине ыраазыбыз. Быйылкы жайда жана кийинки жайларда да биз кыргыз элине сугат сууларын берүүгө даярбыз жана кардарлардан буюртмаларды төмөнкү телефондордон күтөбүз: +996 706-58-55-44;  +996 555-44-55-11;  +996 707-00-93-16.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер