Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттик тил – өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө

Мамлекеттик тил – өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө

23-сентябрь, 09:00
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эли тээ алмустактан бери додолонгон доор сүрүп, кыйыры жок кылым кечип келди. Мына ушул баш-аягы белгисиз, чексиз бул жарыкта канчалаган эл тилин сактай албай мамлекет катары да, улут катары да ың-жыңсыз жок болуп кетти. Анткени кандай гана улут болбосун анын биримдигин сактап, мамлекет катары жашап кетишинде ал улуттун эң ириде эне тили сакталууга тийиш. Ошондой эле тарыхы, үрп-адат, каада-салтын камтыган маданияты жана географиялык аймагынын (чек арасы) бекемдиги мамлекеттин өзөгүн түзөт. Мурдунан алысты көрө албаган кээ бир “киргиздер” мунун түпкү маанисине көзү жетпегендиктен, өз тилин жерип, өз өлкөсүнө кыянаттык кылып жатканын баамдабаса деле керек. Тарых баарына тараза, аны эч ким тана да албайт. Анткени наркты сактаган эл гана түбөлүктүү жашап келген. Ал эми биз улут катары дагы, мамлекет катары дагы сакталып калабыз десек, айрымдардын мамлекеттик тилге болгон мамилеси түп-тамырынан бери өзгөрүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын президентинин жана «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн уюштурууда.

 Максаты: 

-- жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тил сабаттуулугун жогорулатуу;

-- мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;

-- мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, маданият, илим, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоо, өнүктүрүү боюнча аракеттерин күчөтүү;

-- кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун баардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;

-- кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу.

Мындай саамалыкты ар бир мамлекеттик кызматкер колдоого алып, мамлекеттик тилде сүйлөй да, жаза да билүүсү керек. Өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, тарыхыбызды билип, келечек муундарыбыздын намыскөй, мекенчил болуп чоңоюусу дал ушул тилибизден башталарын жүрөгүбүз менен туюуга милдеттүүбүз. Мамлекеттик идеологиябыздын башатында дагы мамлекеттин пайдубалы болгон тил турууга тийиш.

Жат жазуунун пайдалуу жагы эң ириде алдын ала орфографиялык пунктуациялык китептерге көз жүгүртүп даярданат жана жазгандан кийин өзүнүн катасын өзү көрүп, каталарын жоюуга умтулат. Укканын туура жазууга далалаттанат. Демек, жыйынтыгында иш кагаздардын сабаттуулугу артып, сабаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер көбөйөт. Мунун натыйжасында акырындык менен сабаттуу коом түзүлөт.


Каныбек Осмоналиев, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер