Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүмдөн он жаш улуу аялдын махабатына мас болуп, байланып калдым

Өзүмдөн он жаш улуу аялдын махабатына мас болуп, байланып калдым

04-август, 16:10
2 593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бурул эженин кабагы көп ачылбаган, сүрдүү жайы бар. Бир компанияда иштейт. Жумуш боюнча кардар катары барып жүрүп, мамилебиз жакшы болуп кетти. Кээде жөн салды эле СМС жазышып, акыбал сурашып калчубуз.

Бир күнү эже пивого чакырып калды. Кечке жуук эле. Кичирайондордогу үйүнө жакын жердеги кафеге кирдик. Көпкө сүйлөшүп, жакшы маанайда отурабыз. Аягында “агынан” да аралаштырып жибердик. Экөөбүз тең кызып калдык. Кабагы ачылбаган Бурул эженин маңдайы жаркып, шаңкылдай күлүп, тез эле өзгөрүлүп кеткени огобетер мени өзүнө тарта баштады...

Түн жарымында кафеден чыгып, эжени үйүнө узатып келдим. Жалгыз экен. Толмоч тартып, жашы кырктан ашса да жагымдуу. “Болор иш болуп, боёсу канары” пиво ичип отурганда эле байкалып калган. Ошентип, Бурул эженин эбин таап, төшөк кумарына батып, ал түндү чогуу өткөрдүк...

Күндөр өтө берди. Биз бир жумада эки жолу жолугушмай болдук. Махабатка мас болуп, бат эле байланып калганымды сезбей калыптырмын. Отуз бешке чыгып, кыз тандап жүрүп, акыры он жаш улуу Бурул эжеге кабылганыма таңгалам. Убактылуу кумар кандырганга жакшы, акчалай да жардам берет. Бирок, биздин келечегибиз жок экенин түшүнөм. Тез арда үйлөнгөнгө жаш кыз таап, келечекке кам көрө турган убакыт келди. А болбосо азгырылып эле баратам, таза чыга албай калсамчы?.. Баса, беш жыл мурда Бурул эженин күйөөсү Москвага кетип, ошол жактан үйлөнүп алыптыр. Турмушу бузулганын айтып берген. Бир кызы ЖОЖдо окуса, экинчиси иштейт. Бай үй-бүлө. Бир гана күйөөнүн орду жок экен...

Айтор, альфонс атка коно электе эртелеп өз теңимди таап, “куйрук түйүп” кетүү керек. Убакыт жарга такайт. Негизи жаш кыздардын төшөктө тажрыйбалары жок да, Бурул эжедей өзүнө тарта албайт. Же башым айланып баратабы?..

Медер

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер