Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамалбек Ырсалиев: "Туруңуз ажыке! Мен сизге гүл бакча белек кылам"

Жамалбек Ырсалиев: "Туруңуз ажыке! Мен сизге гүл бакча белек кылам"

17-июль, 13:51
1 519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбек ажы Чотонов тууралуу Жамалбек Ырсалиев пикирин калтырды:

Мен сиздин колуңузга келгенде 40 жаштагы жигит элеңиз. Мени үйүңүзгө алып барып, корооңуздагы эки бөлмө тамга бөлүп койдуңуз. Ошентип сиз менен ата-бала болуп ээрчишип жүрдүк. Сизди издеп келгендерге дарбаза ачам. Атаң үйдөбү?” дешет. Атам үйдө же жок деп жооп берем. Ошентип, балаңыз болдум. Айылдан жаңы келип, акчам жок кыйналып жүргөн учурум эле. Карайлап жүргөм. Кантип жакшы жашоого жетсе болот?” деп ойлонуп... 

Сиздин үйгө баргандан баштап кийимим бүтүн, курсагым ток, “жашоо жакшы эле турбайбы” деген көз караш башталды. Кудайды сүйгөндү үйрөттүңүз. Жашоону сүйгөндү үйрөттүңүз..

Азыр сиз ооруп жатасыз. А мен болсо сиздин ар бир кыймылыңызды эстеп, кылган жакшылыктарыңызды, динге, элге жасаган мээнетиңизди эстеп, аман-эсен айыгып кетишиңизди тилеп отурам...

Бир жолу аталаш бир тууганым, классташым Бакыт экөөбүз Сыдыков 123 дарегиндеги кеңседе отурган элек. Ажыке кирип келди. Эй, мен бир офиске барып келе жатам. Кире беришине гүл айдап коюптур. Сонун көрүнөт экен. Урук алып келип гүл сээп койгулачы деп акча берди. Бакыт экөөбүз Ош базарга барып урук саткан дунгандардан толтура урук алып келип, жерди камандай челип, казып кирдик. Бат эле жерди айдап, урукту сээп койдук. Бакыт күндө эртең менен чыгып сугарып коёт... Бир күнү эле экинчи кабатта ажыкем колду аркасына алып нары-бери басып, өзү да күлүп, мени да күлдүрүп, сонун нерселерди айтып берип, каткырып барып терезени карап туруп эле сумсайып, тиштенип калды. Эмне болуп кетти?” деп мен да токтоп калдым. Таластыктарча эле татыратып кирди: “Эй, Нарындык! Сенин гүлүң ушубу?!” деп. Мен гүлдү сепкен бойдон караган эмесмин. Көрсө, биз дунгандардан алып келген уруктар помидор, болгар калемпири, укроп, редиска экен. Ашата сөгүп туруп, кайра көзүнөн жаш куюлгуча күлдү. Жүрү, бакчаңды аралап келебиз деп эшикке чыгып Бакытты чакырсак, ал да камырабай чыгып алып, “редиска бат өсөт экен. Аны салат жасап жеп жатабыз дейт. Помидорду жыгачтар менен таяп күн жакты каратса, жакшы бышат экен деп койду камырабай. Боору эзилип калды... Мындай кызык окуялар аябай көп өттү. 

Ажыкем ооруп жаткандан бери көз алдыма балалыгым келет. Мени үйлөнтүп, элдин баарын чакырып, КАСИнин ашканасына той өткөргөнүн эстейм....

Туруңуз ажыке! Мен сизге азыр гүл эмес гүл бакча белек кылам! Сиз алтын адамсыз. Элдер сиздин аялдарыңызды эле санай бербей, адамдык сапатыңызды, элге кылган кызматыңызды, сиздин кандай баатыр экениңизди, Таластын суусундай ташкындаган мүнөзүңүздү, кандай керемет адам экениңизди биле турган мезгил келди! Туруңуз Ата! Оору сизден айланып кетсин. Сизге ден соолук каалайм. Баарыбыздын төрүбүздө балпайып, ак сакалыңызды жайкалтып отура турган кезде жатып алган сизге жарашпайт! Аллах шыпаасын берсин!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер