Акыркы кабарлар
» Коом » Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикеримовдун талапкерлиги жактырылды
Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикеримовдун талапкерлиги жактырылды
01-апрель, 17:24
482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы 1-апрелде вице-премьер-министрликке жана саламаттык сактоо министрлик кызматына көрсөтүлгөн талапкерлер менен таанышты.
Эки талапкерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү сунуштап көрсөттү.
Социалдык блокту тескеген вице-премьер-министр кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова талапкер болсо, саламаттык сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги каралды.
Көпчүлүк коалициянын жыйынын жыйынтыгында депутаттар эки талапкерди колдошту.