Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыжапар Бекматов: “Беш шаарга жалпысынан 22 партия ат салышарын билгизишти”

Абдыжапар Бекматов: “Беш шаарга жалпысынан 22 партия ат салышарын билгизишти”

13-март, 14:18
673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары менен маек...

-- Абдыжапар  Гапырович, жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт эмеспи.  Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

-- Президентибиздин 11-февралдагы жарлыгына ылайык, 12-апрелде 30 жергиликтүү кеңеште  шайлоолор өтөт. Алардын ичинен беш шаар (Ош, Майлы-Суу, Токмок, Балыкчы, Каракол) жана 25 айылдык кеңеште. Шаардык кеңештерде шайлоо пропорционалдык, ал эми айылдык кеңештерде мажоритардык система менен өтөт. Азыркы күндө саясый партиялар шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түзүп, тийешелүү аймактык шайлоо комиссияларына беришти. Бул өнөктүк 2-мартка чейин жүргөн. Азыр аймактык шайлоо комиссияларында ошол берилген документтердин мыйзамга туура келер-келбесин тактоо иштери жүрүүдө. Бул процесс 12-март күнү бүтөт. 12-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиялары шаардык кеңешке ат салышып жаткан саясый партиялардын кимисин каттоо же каттабоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Шаардык кеңештерге ат салышып жаткан саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштери 13-мартта  башталат. Ал эми айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди жылдыруу саясый партияларга жана жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Бул процесс азыр жүрүүдө. 12-мартта айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди жылдыруу токтотулат. 13-марттан  22-мартка чейин берилген документтердин мыйзамга туура келер-келбесин тактоо иштери жүргүзүлөт. Башкача айтканда, соттуулугу, жарандыгы ж.б. такталат. 22-март күнү каттоо аяктап, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. 

-- Кайсы партиялар ат салышары белгилүү болуп калгандыр?

-- Азыр беш шаарга жалпысынан 22 партия ат салышарын билгизип, документтерин беришкен. Эң көп саясый партиялар катышкан шаарлар –  Каракол (14 партия), Майлы-Суу (6 партия). Алардын ичинен “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиялары баардык беш шаардык кеңешке ат салышарын билгизип, документтерин тапшырышты.  


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер