Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Алыбаев: “Сөзсүз жумуш табылат, анткени программисттер чынында эле жетишсиз”

Турат Алыбаев: “Сөзсүз жумуш табылат, анткени программисттер чынында эле жетишсиз”

07-сентябрь, 12:00
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турат Алыбаев кесиби боюнча кыргыз тил жана адабияты мугалими. Учурда окуучуларга программалоону кыргыз тилинде үйрөтүп келет. Ал кумурскадай эле эмгектенип, компьютердеги программаларды жеткиликтүү тилде кыргызчалап, IT тармагына кызыккан жаштар үйрөнө турган көп иштерди жасоодо. “Эр эмгегин жер жебейт” дегендей, элге керектүү жол салган мындай мыкты уулдарыбыздын эмгегин эл баалайт. 

-- Кыргыз тилинде IT тармагын өнүктүрүп келесиң. Кыргыз тили менен IT тармагынын бийиктигине жетүү мүмкүнбү? 

-- Ооба, эки жылдан ашык убакыттан бери IT тармагына аралашып, өлкөбүздүн жарандарын IT тармагына тартууга, окутууга, ошол эле учурда өзүм дагы окуп, өсүп-өнүгүүгө аракет кылып келем. Эми сиздин суроого келе турган болсок, кыргыз тили менен IT бийиктигине жетүү албетте мүмкүн деп эсептейм жана бул нерсени карапайым калкка жеткирүү үчүн бар күчүм менен далалат кылуудамын.

Буга чейин элибиздин аң-сезимине сиңип калган жаман бир стереотип бар, “билим алуу үчүн сөзсүз орус тилин мыкты билиш керек” деген. Мен буга “жок” деп гана айтам. Себеби, интернеттеги жалпы маалыматтардын 5-6 пайызы гана орус тилинде экендиги маалым. Демек, мыкты билимге ээ болуу үчүн орусча окуу жетиштүү эмес. Азыр IT тармагынын жана жасалма интеллекттин өнүгүп жаткандыгы менен түп нускасы англис тилиндеги маалыматтарды дароо кыргызча которуп окуган дагы ыңгайлуу дегим келет. Бул нерселерди туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар, мен муну менен “орус тили жаман” дегеним жок, каалаган адамдар аны үйрөнө беришет же орус тилин билүү жаман эмес, болгону орус тилин билбеген мекендештерибиз мыкты билимге ээ болуу үчүн орусча да,  англисче да үйрөнүп, өзүн эки эсе кыйноого бүгүн зарылчылык жок.

-- Бүгүн окуучуларың кандай деңгээлде? Онлайн түрдө иштеп кеткенге чейинки билимди алууга мүмкүнбү? 

-- Учурда биздин окуучуларыбыздын көпчүлүк бөлүгү жумуш издөө менен алек болуп жатышат, өлкөбүздүн IT компанияларында жана Швейцариянын компанияларында иштеп баштагандары да бар. Айрым окуучуларыбыз Американын компанияларына резюмелерин тапшырып, алар менен тыгыз байланышта болуп жатышат.

-- Иш таппаган, жол таппаган жаштарга кандай кеңештерди берер элең?

-- Иш берүүчүлөр жок дегенде 1-2 жылдык тажрыйбасы бар адистерди алгысы келишет. Курсту жаңы бүткөн адистерди жумушка алгысы келишпейт, себеби жаңы бүткөн адисти жумушка алуу – компанияны артка тартат, жумуштун бүтүшүн жайлатат. Ошондуктан көпчүлүк компаниялар аны каалабайт. Бул чынында эле азыркы учурда IT окуган жаштардын чоң көйгөйү болуп турат.  

Биз окутуп үйрөткөн окуучуларыбыз ушундай көйгөйгө туш болбоосу үчүн өзүбүз жасап жаткан иштерге стажер катары катыштырып, тажрыйбага ээ болуусуна аракет кылабыз. Андан тышкары, стажировкага катыша албаган башка жаштарга айтарым, өздөрү кандайдыр бир долбоорду тест катары жасап, даярдап алуусун сунуштайбыз. Көп практика кылып турса эле сөзсүз жумуш табылат. Анткени программисттер чынында эле азыр жетишсиз болуп жатат.

-- Жаңы IT компанияңарды түптөпсүңөр. Өзүң тууралуу, компания тууралуу да уксак?

-- Эми өзүм жөнүндө жана биздин компания тууралуу кыскача айта турган болсом, ЖОЖдо филология факультетинде окугам. 11 жыл кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенгем. Ушул 11 жылдык тажрыйбамда “кантип кыргыз тилин дагы да өнүктүрөбүз? Кантип тилибизди башка тилдердей эле сайттарда, гуглда, эл аралык деңгээлге алып чыга алабыз?” деп ойлоно берчүмүн. Ошол ой максатыма IT аркылуу жете аларыбызды билген күндөн баштап, ушул тармакка кызыгуум артты. Анан Covid-19 илдети каптап, карантин болуп калганда, убактымды текке кетирбей алгач “Jyldyz Academy” уюштурган акысыз IT курсун окуу менен баштадым. Андан соң азыркы биздин компаниянын негиздөөчүсү Азамат Акматов агай менен мобилдик тиркеме иштеп чыгуу жагында билимимди тереңдеттим. 

Азамат агай экөөбүз кеңешип, “Ackmatoff IT company” деп чакан бир IT компания түзүп чыгып, өзүбүз билген өнөрдү башкаларга да үйрөтүүнү баштадык. Алгачкы окуучуларыбыз жакшы үйрөнүп калган кезде Бишкектен чакан офис ачып, аларга реалдуу иштерди берип, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууну уланттык. 

Кудай буюрса, бул командабыз менен, деги эле Кыргызстандык программисттер менен биргеликте жаштарыбызды IT тармагына тартып, алардын жеке жашоосунун жакшыруусуна жана тилибиздин эл аралык аренада жакшы бир деңгээлге чыгуусуна салым кошууга аракетибизди жасай беребиз деп ишенем. Биздин максатыбыз бийик.

Сиздерге терең ыраазычылык, эмгек жамаатыңыздарга жана сизге ийгиликтерди каалайбыз. Сиздер дагы өнүгө бериңиздер, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо бериңиздер!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер