Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнагүл Тургунбаева: «Тез арада жүлүнгө операция жасатуу үчүн жардам сурайм»

Айнагүл Тургунбаева: «Тез арада жүлүнгө операция жасатуу үчүн жардам сурайм»

19-декабрь, 17:59
1 767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айнагүл Тургунбаева 1-топтогу майып, 11 жылдан бери көрбөгөн азап-тозогу калбаптыр. Жолдошунан ажырашкандан кийин эки кызын эл катары багам деп көроокаттын айынан жол кырсыгына туш болгонун, ага бир гана айдоочу күнөөлүү экенин көзүнүн жашын көлдөтө айтып отурду. “Кендирди кескен каражаттын айынан кыргыз элимен жардам сурап кайрылып отурам. Операция кылганга көп акча керек экен” деп кошумчалады.

-- Айнура айым, айтылуу Таластын кызы экенсиз, алгач өзүңүз жөнүндө кеп баштаңыз?

-- Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынан болом.   Жашым 50гө таяп калды. Эки кыздын энесимин. Жолдошум менен көп жыл мурун ажырашып кеткем. Алгач 500 сом карыз алып, эл катары соода баштагам. Кийинчерээк чоң соодагерге айландым. Тонналап жашылча-жемиштерди ташып, дүңүнөн сатып оокат кыла баштадым. Өзүм жалгыз бой эне болсом, кыздарымды кем кылбай багуу жоопкерчилиги менде эле да. Бирок, тилеке каршы, кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, чоң кырсыка кабылып калдым. Кээде «ушу мага көз тийдиби?» деп да ойлоп кетем...

-- Кандайча кырсыкка туш болгонсуз?..

-- Ооба, буга чейин бир да жолу ооруканага ооруп жатып көргөн жан эмес элем. Ден соолугум абдан жакшы болчу.  Жашылча-жемиштерди дүңүнөн алып сатып жүргөн күндөрдүн биринде Ошко бара жатып Чычкан капчыгайынын ичине жеткенде айдоочу уктап кетип, катуу ылдамдык менен барып тоону сүзгөнбүз.  Мен дароо эсимди жоготуп коюптурмун. Мени багажга салып Токтогулдун ооруканасына алып барышыптыр. Ал жактан «абалы оор» деген бүтүм чыгарып, кайра Бишкекке жөнөтүшөт. Ошондо Ош–Бишкек жолун элестетип көрүңүз… Моюн омурткам жүз пайыз талкаланып, жүлүн жанчылып калган экен. Шаарга келгенден кийин доктурлар «биринчи тез жардам туура көрсөтүлгөн эмес. Майдаланган моюн омуртка жүлүн менен өпкөнү жанчып салган» дешти. Ошол кезде 37 жашта элем. Андан бери 11 жыл өттү. Буту-колум иштебей 1-топтогу майып аталып, жардамга муктаж болуп отурам. Биздин мамлекетте жүлүнгө операция жасалбайт тура. Диагнозум менен дүйнө жүзү боюнча үч өлкөдө гана жүлүнгө операция жасалат экен. Алар: Израиль, Германия жана Россиянын Новосибирск шаарында.  Новосибирскидеги дарыгерлерге байланышканымда «келиңиз, өзүбүз текшерүүдөн өткөрүп, анан операция жасайбыз. Буюрса басасыз, баары жакшы болот»  деп мага чоң үмүт артып жатышат. Бирок, ал жакка 30-40 миң АКШ доллары сарпталат дейт.  Андыктан, кайдыгер карабаган кайрымдуу элимден жардам сурап кайрылып жатам. Түшүнөм, азыр эл деле кыйналып турат. Анүстүнө пандемия да көп адамды түйшүккө салып койду. Ошентсе да, кыргыз эли боорукер, берешен эл эмеспи. Элибиз ынтымактуу, айкөл эл экенибизди буга чейин далай эле далилдебедикпи. Кыйын күндө жардамга кол сунат деген үмүтүм чоң. Буюрса, элимдин жардамы менен операциянын акчасы чогулуп калса, дароо операцияга жөнөйт элем. Жөн эле жата бергенде артка эле кетпесе алдыга жылыш болбойт экен. Өз калыбыма келип, кадимкидей басып кетсем деген аруу тилек менен күн өткөрүп келем.

-- Буга чейин кандай аракеттерди көрдүңүз?

-- Буту-колу соо, басып жүрүп эле жатып калган жаман экен. Оорулуу эмес, ооруну баккан адамга да убал тура. Жол кырсыгына туш болгон кезде кыздарым 12-13 жашта эле. Көтөрүп отургузуп, кайра жаткырганга байкуш кыздардымдын белдери да оорулуу болуп калды. Кээде аларды аяп көбүрөөк жатканга аракет кылчумун. Өз алдымча дааратканага баралбайм, памперс колдоном. Дарыгерлер көп кыймылдашың керек дешкен, бирок айла жок. Баары эле келип акчага такалат. Моюн омурткам толугу менен талкаланганга, төштөн ылдый сезим жок, колумдун манжалары да иштебейт. Кадимки жаш баладай кароого муктажмын. Башында дарыгерлер «сиздин ооруңуз менен көп жашабайт. Айла жок, тагдырга баш ийишиңиз керек» дешкенинен ыйлап-сыктап жатып эле убакыттан уттуруп коюптурмун. Көрсө, эрте эле чет жактарга кайрылып, аракет кылганда, балким жакшы жыйынтык болоор беле?.

2018-жылы Казакстанга реабилитацияга бардым. Аларда медицина күчтүү экен. Ар кандай аппараттарга тургузуп, мени менен машыгып жатып, тиземди таяп, белимди байлап бутума төрт айда тургузушту. «Ушуну менен аракет кыла бериңиз» дешкен эле. Бирок, каражаттын айынан толук дарылана албай келе бердим. Күн өткөн сайын, жылдан жылга күч кетип бара жатат. Андыктан операцияны создуктурбай эрте жасаш керек дейт.

-- Кырсыкка айдоочу күнөөлүү деп жатасыз, айдоочу кат-кабар алып, колкабыш кылдыбы?

-- Бул деле кырсык дечи, бирок, айдоочунун кайдыгерлиги да болуп жатпайбы. Мен алдын ала акчамды төлөп, «алып барып, алып келесиң» деп сүйлөшкөнбүз. Ошого жараша жоопкерчиликтүү болуп, жолго чыгарда уйкусун кандырып, эс алып алса болмок да. Ал айдоочу Талас облусунун Козучак айылынан болот. Мадраимов Дайыр деген жигит. Ал мурда милиция жаатында иштеп жүрүп, кийин таксиге өтүп иштеп калган экен. Кырсыктан кийин бир жылдан соң өзүмө келип, ошондо сотко кайрылдым. Сот 2010-жылы моралдык жана материалдык чыгым  213 миң сом деген өкүм чыгарып берген айдоочуга. Бирок, айдоочу 11 жылда араң 13 миң сом берди. Элден угушум боюнча сотторго акча берип кутулуп жүрөт дейт. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, алардын деле билгени бардыр. Болгону кол менен кармап албагандан кийин  далилдеп бере алган жокмун. Канча жердин эшигин каккыладым, тыянак чыккан жок. Ооруканага канча жаттым, 2000 доллар төлөп операция жасаттым, айдоочу эч бирин көтөргөн жок. Негизи беш жылга кесилген. Бирок, Роза Отунбаеванын убагына туш келип, 2010-жылы мунапыс чыгып, ошого илинип чыгып кетти. СИЗОдо 1-2 айдай эле отурду. «Кайра кестиргенде эмне, андан көрө акчаңызды төлөп берсин» дешкенинен макул болгом. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин дайын-дареги жок. 

Ушул кайрылуум бийлик башындагыларга жетсе дейм. Кайрымдуулук борборлорунан да үмүт кылам. Азыр көпчүлүк эл мага моралдык жактан жардам берип жатат, аларга чоң рахмат. Операция жасатуу үчүн учурда материалдык жардам зарыл болуп турат. Жан деген таттуу болот тура. Мен деле эл катары басып, небере жетелеп, кыймылдап оокат кылгым келет. Кыздарым да бой жетип калышты. Эртең алар турмушка чыгып кетишсе күйөө балага күч болбой, өз алдымча кыймылдап калсам экен деп  басып-туруп тилегеним ушул. Өзүм батирде турсам, жок дегенде бирөөгө көз каранды болбой басып калсам экен. 

Калайык калк, кайрымдуу элим! Эбепке себеп болуп, басып кетүүмө көмөктөшүңүздөр. Сиздерден үмүт кылып суранам. Оору-сыркоодон алыс болуп, эч бир адам оорубасын, көз жаш төгүлбөсүн. Бөөдө кырсыктан Кудай сактасынДен соолук табылгыс байлык тура. 


Кайдыгер эместерге ЭЛСОМ 0555944630 Тел: 0555-94-46-30

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер