Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталды

Жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталды

03-декабрь, 13:15
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-декабрдан 3-декабрга карган түнү Ош шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам мерт кетип, 5 жүргүнчү ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов тастыктады.

Маалым болгондой окуя түнкү саат 1:00 чамасында болгон.

«Ош–Ноокат жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкеде келе жаткан ошол эле үлгүдөгү унаа кагышкан. Анын артынан келе жаткан «Дэу Нексия» унаасы алардан качам деп, башкарууну жоготуп, тоонун боорун сүзүп токтогон. Натыйжада, биринчи «Хонда Фиттин» айдоочусу жана ичиндеги 1 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи «Хонда Фит» менен «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалардагы 5 жүргүнчү түрдүү жаракаттарды алган. Төртөө Ош шаардык ооруканасына, бирөө Ноокат ооруканасына кайрылган. Каза болгон айдоочу 1995-жылы туулган жигит экендиги такталды. Мерт болгон жүргүнчүнүн өздүгү аныктала элек. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат», - деди Тавакалов.

Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүнүн башчысы Арап Кожобаев 11 ай ичинде моргго жол кырсыгынан каза болгон 30дан ашык адамдын сөөгү түшкөнүн айтты.

«Бул статистика бизде эксперизадан өтүп катталганы. Жол кырсыгынан каза болгондордун көпчүлүк жакындары сөөктү кестирүүдөн баш тартышат. Мен айткан статистиканы 2 же 3 эсе көбөйтүш керек. Жол кырсыгынан каза болгондор көп болууда», - деди ал.

Буга чейин 23-ноябрда Ош–Ноокат жолунда 2 унаа кагышып, жүргүнчү катары бара жаткан 47 жаштагы аял мерт болгон.


“Турмуш” сайты

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер