Ашимова иш жүзүндө Айжигитовдун кадырын көтөрүп салдыбы?

Баткендеги чек ара боюнча ачык ой-пикирин билдирген Султанбай Айжигитовду “Ыйман нуру” фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарууну Динара Ашимова айтып, жандалбаска түшүп, ошол максатына жетти. Коркунучка кабылдыбы? Бийликке жагынуу менен жанталашып, огобетер кырдаалга кызыктырган боёк сүртүп, күчөтүп салды го? Алгач Султанбай Айжигитовдун сөзүнө маани бергени, бербегени да болду. Анан Динара Ашимова бүйүр кызыткан темага “май чачкандай” ишарат жасадыбы?.. Негизи “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарып салуудан эч кандай маселе чечилбейт. Асыресе, айрым депутаттар копшолушуп, булар өз ара дүргүй кошоматтанышып, жамандашып, Султанбай Айжигитовдун сөзүнүн маанисин көтөрүп салышканы...
Эмесе, “Азаттыктын” жазганына көңүл буралы: “Айжигитовдун сөзүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде “бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт” деп жазылган. Муну ал “азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе, Тажикстан Ворух анклавына коридор алат” деп эсептейт.
“Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары, чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат” деди ал.
Султанбай Айжигитов жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине көңүл бурулушу керектигин кошумчалады...” деп маалымдалган.
Натыйжада, калың калк баа берет. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана чындык кайсы тарапта экени оңой эле талданат. “Шибегени капка ката албайсың” дейт эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити