Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кордотууга кызыкдарбы?

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кордотууга кызыкдарбы?

10-декабрь, 11:27
483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Шакиев келгени депутаттар бийлик тарабынан кордолуп, кысымдар жарала баштады. Маселен, Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков атайын кызмат аркылуу суракка тартылып, ыдык көргөнү талкууга алынды. Экөөнө кыйла эле кысым болгон окшойт, ооздорун жаап, кайдадыр качып жоголушту. Ал эми Шайлообек Атазовду, Жеңишбек Токторбаевди байма-бай тергөөгө чакырышып, тил азабынан “тарбияга” алгандай мамиле жасалууда. Мындан сырткары, эркин ой-пикир айткан бир топ депутаттардын ишмердиктери текшерилүүдө. Алардын жакындарына карата да иликтөөлөр, кысымдар болуп атканы жашыруун эмес. “Медалдын экинчи бети бар” дегендей, эгерде эл өкүлдөрү мыйзамсыз аракеттерге барышса, жоопкерчилиги каралышы керек. “Факты деген өжөр нерсе” деп Ленин бекер айткан эмес. Баарына тегиз мамиле жасалса, калыстык өкүм сүрсө (!) деген ой. 

Жыйынтыгында, сөз удулуна келсек, мурдагы чакырылыштардын мезгили менен Нурланбек Шакиевдин доорун салыштырууда чоң айырмачылык бар. Башка төрагалар депутаттарга адилеттүү карап, бийлик тарабынан кандайдыр кысымдар жасалса, коргоп, өз ой-пикирин айтып келген. Тилекке каршы, Шакиевден андай шаанини, калыстыкты көрө албай келебиз. Тескерисинче, коллегаларын жазалатууга кызыкдарбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер