Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиевдин иштермандыгы Бишкек мэрине жеткизеби?

Канат Жумагазиевдин иштермандыгы Бишкек мэрине жеткизеби?

19-май, 23:19
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз дайыма аткаминерлердин дараметин салыштыруу менен аныктап, баа беребиз. Буга чейин Чүй облусун кимдер гана жетектеген жок? Арасында адашкан кадрлар көп келди. Алардын ар бирине токтолуп отурбай, учурдагы Сары Өзөндүн башчысы боюнча азыноолак кеп кылалы.

Эң оболу, Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан бери башкаруу ырааттуулугу жолго салынды. Чиновниктердин, кызматкерлердин арасындагы чаржайыттуулук жоголуп, тартип орноду. Мамлекетке кызмат кылуунун үлгүсүн көрө баштадык. Жергиликтүү бийликке карата элдин ишеними жогорулады. Губернатор өзү жанталашып иштеп, көпчүлүккө багыт көрсөтүп жатса, мындай шартта аны колдогондор да көбөйүүдө. Дээрлик көйгөйлөрдүн алдын алуу, туура саясат жүргүзүү да маанилүү экенине көзүбүз жетти.

Канат Жумагазиев Чүй облусун башкаргандан бери эки жылдай убакыт өттү. Өндүрүш, ишканалар ачылып, экономикага салым кошулууда. Сырттан инвестиция тартуу да жөнгө салынып, чет элдик бизнесмендер келе башташты. Ушул ыргакта уланта берсе, акырындык менен жумуш орундары кеңейип, элибиздин жашоосу оңолоруна өбөлгө түзүлөрү шексиз. 

Аныгында губернатор илим-билимге, саламаттык сактоого өзгөчө көңүл буруп, санариптештирүүгө, дээрлик социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө киришип, жыйынтыгында алга карай жылыштарды жаратууда. Дээрлик тармактарга анализ жасап көрсөк, эки жыл мурдагы абал менен бүгүнкү көрүнүштөр таптакыр башка. Өсүүгө кадам ташталды. Дагы жетиштүү каражаттар табылса, ички миграциянын ордосуна айланган Сары Өзөндүн өнүгүүсүнө ачылыштар жасалат эле. Биз көрүп-билип, туюп аткан нерселерге туура баам сала билүү керек.

Ток этерине келсек, алгылыктуу ой калчоо менен тамамдайлы. Эгерде Канат Жумагазиев базарга айланып бараткан Бишкек шаарына мэр болуп дайындалса, кандай элестетет элеңер? Кескин түрдө бурулуш жасалмак. Себеби, мамлекетибиздин борборун заманбап таризде өнүктүрүү үчүн бийик деңгээлдеги башкаруу, бай тажрыйба талап кылынат. Мындай дарамет Канат Жумагазиевде жетиштүү.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер