Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскарбек Сагынбаев: “Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жылдан жылга чоң көйгөйгө айланып бара жатат”

Аскарбек Сагынбаев: “Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жылдан жылга чоң көйгөйгө айланып бара жатат”

29-ноябрь, 13:47
1 442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин “Өсүмдүктөрдү өстүрүү жана өсүмдүктөрдүн карантини” бөлүмүнүн башкы адиси менен маек.

-- Глазгодо президент демилгелеген климаттын өзгөрүү шартындагы сунуштарын  иштеп, тездетип жатыпсыздар. Маселенин негизги өзөгүнө токтолсоңуз?

-- Чындыгында  климаттын өзгөрүшү көйгөйгө айланып баратат. Андыктан биз даяр болушубуз керек. Кургакчылык бул жылы төртүнчү ирет кайталанып кетти. Биз акыркы жыйырма жылда: 2008-жылы, 2012-жылы, 2014-жылы, 2021-жылы төрт жолу кургакчылыкка туш келдик. Кургакчылык көп маселелер боюнча иштерди жүргүзүүгө көңүлүбүздү бурду. Алдын алуу жолдорунун бири – бул тамчылатып сугаруу. Биз альтернативалуу сууларды пайдаланышыбыз керек. Ал жер алдындагы суулар. 

Ал сууларды дагы үнөмдүү сугаруу, тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну колго алышыбыз маанилүү болуп турат. Бул жерде мамлекеттик колдоо, жеңилдетилген насыялар керек. Тамчылатып сугаруу боюнча 2022-26-жылдарга чейинки концепциясын иштеп чыгуу боюнча долбоор даярдалууда. 

-- Азыркы учурда тамчылатып сугаруунун, инновациялык технологияларды колдонгондордун статистикасына токтоло аласызбы?

-- Тамчылатып сугарууга кирген жерлер 4 миң гектар болду. 1 млн. 280 миң гектар жерибиз бар. 400 миң гектардайы кайрак жерлер. Бул боюнча дыйкандарга көбүрөөк окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз шарт. Баардык массалык булактар менен тамчылатып сугаруунун оң тараптарын жеткиришибиз зарыл. Тамчылатып сугаруу – бул бир эле сууну үнөмдөбөстөн, түшүмдүүлүктү жогорулатканга, дыйкандардын эмгек ресурстарын жеңилдеткенге өбөлгө. Муну бир койдуруп алган дыйкандар түшүнөт. Дүйнө жүзү ушундай үнөмдөп сугаруучу технологияларга эчак   өтүшкөн. 

-- Ушул технологияны койдуруу жолдору менен бөлүшсөңүз?

-- Негизинен бул технология сырттан келет. Алар Кытай, Түркия, Израиль өлкөлөрү. Булар баасына жараша болот. “Бизден чыкпайт” десек да жаңылышабыз. Бизде жыйырмадай түрдүү ишканалар иштеп жатат. Тамчылатып сугарууга трубалар көбүрөөк зарыл. Бирок алардын майда тетиктерин сырттан алып келүүгө мажбурбуз. Бул – бизнес. Талап көбөйсө, биздин ишкерлер да чыгара башташат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер